Каржылык чалгын кызматынын баамына илинген 30 материал ушу тапта тийиштүү мекемелерде кылдат иликтенип жаткан кези. Ал эми эл аралык издөөгө түшкөн “Ал-Каида” жактоочусунун аты-жөнү азырынча айтыла элек. Каржылык чалгын кызматынын өкүлү ушу тапта маалымдоо каражаттарынан түшпөй калган кабар тууралуу эч нерсе айталбастыгын билдирүү менен гана чектелди.
- Негизи андай кабарды биз тараткан эмеспиз,- деп билдирди каржы чалгын кызматынын өкүлү.- Ал тууралуу эч нерсе дей албайбыз. Маселе жалпыга жарыя кылынбашы керек эле, аны журналисттер таратып жатышат. Эмне деп айтсам, иш тергелип жатат. Ал жөнүндө биз эч нерсе айтпайбыз.
Арам акчаларды адалдоого каршы туруу жөнүндөгү мыйзам тартибине ылайык Каржылык чалгын кызматы акча менен иштеген мекемелерден келип түшкөн шектүү материалдарды чогултуп, аны тийиштүү мекемелерге жөнөтүшкө милдеттүү. Мыйзам тартиби боюнча коммерциялык банктар шектүү делген акчанын өлчөмү 1 миллион сомдон ашса Каржылык чалгын кызматына кабарлайт. “Ал-Каиданын” акчасы делген каражат кайдан, качан келгени, бул ишке кимдер тиешеси бардыгы азырынча белгисиз. Тек Каржылык чалгын кызматы “Ал-Каидага” иштейт деп шек кылган адамга биртоп өлкөлөрдө издөө салынганы гана кабарланууда.
Шектүү акчаларга байланышкан иштердин айрымдары Кыргызстандын Каржы полициясы тарабынан иликтенип жатканын аталган кызматтын жетекчи орунбасары Туйгунбек Байгазиев ачыктады.
- Ушундай киши барбы деп Кыргызстандын Салык комитетине, Кытайга суроо жөнөттүк. Ушундай киши барбы экен, анын эсептери ачылыптырбы – ушундай иштерди жасап жатабыз, текшерип жатабыз. Эсептерин таап, эгер акчалар Кыргызстандан өткөн болсо биз иштерибизди уланта беребиз. Азыр каттоосу барбы-жокпу, салык каттоосу бар-жогун текшерип жатабыз.
Т.Байгазиев биринчи ирет Каржылык чалгын кызматынан ушундай маалымат келип жатканын ырастап, азырынча ал биротоло так жыйынтык чыгаруу мүмкүн эместигин билдирди.
- Мынча акча, 200 миллион долларбы же бир миллиард акча террорчулукка кетиптир деп биз айта албайбыз да. Бирок мыйзамсыз кеткенин биз далилдеп көргөнгө аракет кылуудабыз.
Кыргызстандын расмий бийлик өкүлдөрү жыйынтыгы белгисиз иш жөнүндө пикирлерин билдирише элек. Кыргызстандын коопсуздук кеңешинин мурдагы катчысы Мирослав Ниязовдун ырасташынча, “Ал-Каида” эларалык жанкечтилер уюгунун тамыры кыйла жерге таралган. Ошол себептүү анын бир тарамы коңшу өлкөлөргө салыштырмалуу кыйла либералдуу мыйзамдары бар Кыргызстандан орун-очок алышы деле мүмкүн. Ошол эле учурда шектүү делген акчалардын “Ал-Каидага” тиешелүү экенин далилдеш өтө кыйын.
Мындан үч жыл илгери түзүлгөн Каржылык чалгын кызматынын жалпыга жарыя болуп кеткен ишинин жыйынтыгы азырынча чыга элек. Кыргызстандын Каржы полициясы эгер “Ал-Каида” уюмунун жактоочулары менен жарнакташтарынын арам акчаларды адалдоо аракети далилденип калса аны жарыя кыла тургандыгын билдирүүдө.