Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:51

ОРУСИЯДАГЫ КЫРГЫЗДАРДЫН КИЙИНКИ ПРЕЗИДЕНТТЕН ҮМҮТҮ ЧОҢ


Бүгүн Орусияда өтүп жаткан президенттик шайлоого Орусия жарандыгын алган кыргыздар да катышууда. Алардын көпчүлүгү президенттикке талапкер, мурдагы президент Владимир Путиндин мураскери Дмитрий Медведевдин талапкерлигин колдоорун “Азаттыктын” кабарчысына билдиришти. Орусия жарандыгына ээ болгон кыргыздар жаңы президенттин шайланышы менен өлкөдө сырттан келген мигранттарга жакшы мамиле болот, деп үмүттөнүшөт.

Москва шаарында жашаган Кыргызстандык Рашит Жусуев Орусиянын жарандыгын алганына бир жарым жыл болгон. Ал бүгүн таң эртелеп өзү жашаган жердеги шайлоо участогуна барып, добушун берип келген. Рашит Жусуев талапкерлердин арасынан мурдагы президент Владимир Путиндин мураскерин шайлаганын да жашырган жок. Ал жаңы шайланчу президенттен кыргыздардын үмүтү чоң болуп жаткандыгын билдирди:

-Албетте Путиндин мураскери болуп аткандан кийин ага добуш бердик. Путиндин тушунда да кыргыздарга жакшы мамиле болуп келди, мындан ары да ушундай болот деп ойлойм.

Ал эми Владимир областында жашаган дагы бир кыргызстандык Полот Ормонов өзү катталган жерден шайлоого катышуу үчүн чакыруу алган. Мындан тышкары жарандардын чөнтөк телефонуна да шайлоого катышууга чакырган кыска каттар келген. Полоттун айтуусунда Путиндин мураскерин жактагандар бул аймактарда да көп:

-Кыргызстанга Путин кандай мамиле кылган болсо, анын мамилеси да ошондой болот да. Бирок бир эле кыргыздар эмес, орустар өздөрү деле Медведевди шайлайбыз деп атышпайбы.

Орусиянын жаңы президенти болуп Дмитрий Медведев келсе, ал Путиндин саясатын улоочу катары КМШ өлкөлөрү жана бул мамлекеттерден барган жарандарга жылуу мамилени сактап калат, деген пикирлер Кыргызстандын өзүндөгү көрүнүктүү саясатчылардан да чыгууда. Мындай пикир ээлери башка Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары менен бирге эле Кыргызстандан барган мигранттарга да Орусиянын расмий бийлиги жакшы мамиле жасайт, деп үмүттөнүшөт. Бирок ошол эле учурда жаңы келген президент болобу, жаңы орногон бийлик болобу, Орусиянын Кыргызстанга жана кыргыздарга жасаган мамилеси эң биринчи кыргыз бийлигинин ички жана тышкы саясатына көз каранды деген ойлор да бар.

Мурдагы тышкы иштер министри, эл аралык саясат жана өнүгүү фондунун жетекчиси Аликбек Жекшенкуловдун пикири боюнча мындан ары Орусия менен мамилени жакшыртууну кааласа, Кыргызстандын бийлиги эки фронтко ойноону токтотууга тийиш:

-Путинге салыштырмалуу Медведев либералдуу, батышты көп караган саясатчы. Ошондуктан, биздин саясатчылар жана бийлик билип коюушу керек, эгер дагы мурдагыдай эки жакка ойноп, айткан сөзү менен кылган иши туура келбей турса, анда алар дагы тескери карап калуусу мүмкүн.

Ошентсе да жаңы жылдан берки онго чукул кыргыздын улутчулдардын колунан каза табышы Орусиянын жарандыгын алган кыргыздардын шайлоого катышына терс таасирин тийгизбей койгон жок. Орус жарандыгын кабыл алып, эки жылдан бери Александров шаарында жашаган Замирбек шайлоого мына ушул себептен барбаганын кесе айтты:

-Барган жокмун, кыргыздарды карабай, аларды өлүмгө дуушар кылып атса, эмне бар шайлоого?

Кыргызстандын миграция жана калкты жумуш менен камсыз кылуу боюнча мамлекеттик комитетинин маалыматы боюнча 2008-жылга чейин Орусия жарандыгын алган кыргызстандыктардын саны 30 миңден ашуун.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG