Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:45

10:50 “Жаш ветеринардын депозити” программасын киргизүү өкмөткө сунушталууда


Мындай демилгени Айыл, суу чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлиги өлкөдөгү ветеринар адистердин жетишсиздиги көйгөйүн чечүү максатында көтөрүп чыкты. Аталган министрликтин маалымат кызматынын билдиришинче бул программага ылайык алыскы аймактарда иштеген жаш ветеринар үч жылдын ичинде маянасынан сырткары жүз сексен миң сом топтой алат. Бул тармакта элүү жаш кадрды даярдоого тогуз миллион сом керектелет, бирок бул демилге Каржы министрлигинен азырынча колдоо таба элек. (EBM)

XS
SM
MD
LG