Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:32

ОРУС ПРАВОСЛАВ ЧИРКӨӨСҮ БАЧАБАЗДАРДЫ КОЛДОБОЙТ


АКИпресс маалымат агенттигинде Орус православ чиркөөсүнүн дин кызматкерлери маалымат жыйынын өткөрүштү. Анда алар бачабаздарды, кыстекелерди колдоп 14-февралда маалымат жыйынын беришкен Апостоль православ чиркөөсүнүн өкүлүн катуу сынга алышты. Ошол эле кезде Орус православ чиркөө кызматкерлеринин бүгүн өткөргөн маалымат жыйынын – адам укугун тебелөө катары баалагандар бар.

14-февраль күнү “24Kg” маалымат агенттигинде “Лабрис” коомунун өкүлдөрү менен бирге Апостоль православ чиркөөсүнүн өкүлү Максим Братухин кадимкидей эле Орус православ чиркөөсүнүн кийимин кийинип, крестин мойнуна тагынып чыгып, бачабаздардын, кыстекелердин укугун коргоп сүйлөгөн жана ал маалыматтар “НБТ”, “5-канал телекөрсөтүүлөрүнөн берилип, “Московский комсомолец” гезитине чейин жарыяланып кеткен. Айрыкча “5- канал” муну Орус православ чиркөөсүнө таандык катары көрсөтүп салган.

Бүгүн маалымат жыйынын өткөрүшкөн Орус православ чиркөөсүнүн өкүлдөрү ошол поптун – Максим Братухиндин айткандарынан улам коомчулук, эл-журт жалпы Орус православдары да салттуу эмес сексуалдык мамилелерди колдойт дегендей түшүнүктө калышыптыр деп тынчсызданышты. Бишкек Епархиалдык башкармасынын катчысы Игор Дронов маселеге байланыштуу мындай пикирин ортого салды:

-Мен ачык жарыялап коюшум керек, орус православ чиркөөсү эч качан бачабаздардын жана кыстекелердин сексуалдык мамилелерин колдобойт. “5- канал” көрсөткөн нерсе – жалган жалаа же чагым орус православ чиркөөсүнө карата. Же болбосо журналисттин сабатсыздыгы.

Андан кийин Игор Дронов Орус православ чиркөөсү менен Апостол православ чиркөөсүнүн асман-жердей айырмасы бар экендигине токтолду:

-Орус православ чиркөөсү деген - абдан олуттуу иерархиялык уюм болуп эсептелет. Орус православдарынын башчысы – патриархы Алексей-2 Москвада турат. Ал эми Максим Братухин өкүлү болгон Апостоль православ чиркөөсүнүн ишмердүүлүгүнө те эчак эле мамлекет тарабынан тыюу салынган секта катары. Азыр кыргызстандын дин иштери боюнча мамлекеттик агенттигинде да каттоосу жок.

Чиркөө кызматкери Артемий Долотов бачабаздардын жана кыстекелердин сексуалдык мамилелерине “Инжилде” дамамат терс баа берилип келгенине токтолду. Маселен, бир жеринде: “Эркек, сен аял менен жаткандай эркек менен жатпагын. Бул – нааданчылык! ” - деп ачык айтылыптыр.

“5-канал” жанагы Максим Братухин сүйлөп жатканда Николай Сущенко кызмат кылган 7- кичирайондогу чиркөөнү утур-утур көрсөтүп турган. Николай Сущенко маалымат жыйынында мындай деди:

- Ооба, алар ката кетирип алыппыз деп мойнуна алып жатышат. Анүчүн төрт кызматкери кечирим сурай турган болгон. Дагы бир нерсе, атайын изилдеп көрсөк, Максим Братухиндин орус православ чиркөөлөрү менен эч кандай байланышы жок болуп чыкты.

Ал эми орус православ чиркөө кызматкерлеринин бүгүн өткөргөн маалымат жыйынын “Жарандар коррупцияга каршы” укук коргоо борборунун төрайымы Төлөйкан Исмаилова адам укугун тебелөө катары баалады.

Так эмес маалыматтарга караганда, Кудай ушинтип жараткан бачабаздар менен кыстекелердин укугун талашкандар дагы үн катпай койбойт.
XS
SM
MD
LG