Улуттук банктан баштап, бардык коммерциялык банктардын ишмердиги, Граждандык, Салык кодекстерине чейинки мыйзамдарды өзгөртүүчү 8 мыйзам долбоору арам акчаларды адалдоого каршы күрөшүү чараларынын тобу жөнүндөгү эл аралык конвенцияларга ылайык даярдалган.
Аларды парламенттин талкуусуна койгон Каржылык чалгындоо кызматынын башчысы Максатбек Садыровдун айтымында, долбоорлорду кабыл алууну Кыргызстан кол койгон 13 эл аралык конвенция талап кылат жана мыйзамдар арасындагы чаташуулар жоюлат:
-Сунушталып жаткан долбоорлордун бардыгы азыр иштеп жаткан мыйзамдардагы карама-каршылыктарды жоет жана бизге маалымат берген банктарды тиешелүү жоопкерчиликтен бошотот. Анткени банктар бизге маалымат беришет, бирок “Банктардын купуялуулугу” жөнүндөгү мыйзамга ылайык алар маалымат берүүгө милдеттүү эмес,- деп, банктар бир миллион сомдон ашык акча жүгүрткөн тараптар же шек туудурган эсептер тууралуу бир топ жылдан бери маалымат берип жүрүшкөндүгүн билдирди.
Андан тышкары эл аралык террорчул уюмдардын арам акчаларын жүгүрткөн банктар бар экендигин да жашырбай, аларды ооздуктоо үчүн каралып жаткан мыйзамдарды кабыл алуу зарылдыгына парламентти ынандырууга аракет кылды.
Садыровдун мындай маалыматы долбоор буга чейин комитеттерде талкууланганына карабастан дароо карама-каршы ойлорду жаратып, депутаттар арам акчаларды адалдап жаткан банктардын атын ачык атоону талап кылышты.
Максат Садыров андай маалыматтарды жашыруун сыр катары катуу зарылдык болсо гана депутаттын жеке өзүнө берем деп, жалпыга жарыя кылуудан баш тартты. Талкуу маалында депутат Бегалы Наргозуев:
- “Бөрк ал десе баш алып” көнгөн силер өзүңөрдү дөөгө айланткан жатасыңар. Бизде Каржы полициясы деген бар да! Силер чалгын кылып, шектүү бирөөнү тапсаңар аны тактап, Улуттук коопсуздук комитетине же башка органга өткөрүп берүүгө милдеттүүсүңөр. Бул жерде болсо бардык укуктарды өзүңөргө алган жатасыңар. Керек болсо банктардын операциясын 5 күнгө токтото алат экенсиңер. Беш күнгө токтотсоңор кандай ызы- чуу чыгарын билесиңерби? -деп кызмат бул мыйзамдар аркылуу өзүнө көп укук алууну көздөп жатат десе, дагы бир депутат Иса Өмүркулов:
-Бул жерде адам укугу тебеленип жатат. Андан тышкары банктын купуя сыры, аманаттын купуя сыры деген бар. Ушул терроризм менен коркутуп отуруп, муну таңууланган багыт көрүнүп турат ,- деп, терроризмге каршы күрөшүү деген ат менен ишкерлердин бутун тушоо максаты бар деп каршы болду. Натыйжада, көпчүлүк добуш менен долбоорлор кайра даярдоого жөнөтүлдү.
Анткен менен Кыргызстандагы “Нефтетрейдерлер” ассоциациясынын президенти Базарбай Мамбетов эл аралык террорчулардын арам акчаларын адалдаган банктар менен тараптар Кыргызстанда болушу мүмкүн, себеби ага Кыргызстан ачык өлкө деген ат жана банктардын ишмердигинин учурга ылайык технология боюнча жөнгө салынбагандыгы өбөлгө берет деген ойдо:
- Менин жеке баамымда ошондой акчалардын жүрүшү бар го. Себеби банк системасы толук жөнгө салынган эмес. Анан тартип болбогондон кийин биздин мамлекетти ачык жана акча-кредиттик саясаты жашыруун эмес деп, ар кандай банктар колдоно бериши мүмкүн. Бирок алар тууралуу конкреттүү эч кандай факт менде жок.
Экс-депутат, “Ысыккөл инвестбанкынын” мурдагы төрагасы Болот Байкожоев Мамбетовдун оюна макул эмес. Анын оюнда, бул бийликтин акча, банк тармагын да жеке топтун көзөмөлүнө алуу аракети:
-Бүгүнкү күндө мамлекет, көбүнчө кызматкерлер каракчы болуп калбадыбы. Ким акчасын жакшы айлантып жатса ошону ар кандай жоопко тартып, иштетпей жатышат. Ансыз деле салык инспекциясы жана башкалар текшерип жатат. Ошолордун текшерүүсү деле жетет да! Анан сумманы жок дегенде 5 миллион деп коюшса болмок, азыр 20 миң долларга эмне сатып ала аласың?