Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:52

БОРБОР АЗИЯ БАҢГИ ЗАТТАР МЕНЕН БИРГЕ КҮРӨШӨТ


Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Орусия мамлекеттеринин укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтарынын өкүлдөрү Ош шаарында жолугушуп, Борбор Азия чөлкөмү аркылуу маңзаттарды ташуу, андан ары КМШ өлкөлөрүнө жайылтуу бизнесине уюшкан топтордон тышкары укук коргоо органдарынын кызматкерлеринин да активдүү аралашып жүрүшкөндүгүн ачыктап, аймактык кызыкчылыктарга коркунуч туудурган мындай жоруктарга бөгөт коюунун жол-жоболорун эки күн талкуулашты. Жергиликтүү серепчилер талкууда айтылган сунуштар, кабыл алынган документтер адаттагыдай эле кагаз жүзүндө калаарын, маңзат аткезчилигине каршы күрөштү күчөтүү максатында КМШ ичинде туруктуу орган түзүп, аны өзүнчө каржыламайынча акыбал жакшырбастыгын билдиришти.

КМШнын уюшкан кылмыштуулукка жана башка мыйзамсыз аракеттерге каршы күрөшүүнү координациялоо бюросунун директорунун орун басары Наиль Галимжанов жолугушуу үчүн бекеринен Ош шаарын тандап алышпагандыгын, калаа акыркы кезде маңзат аткезчилигинин коридоруна айлангандыгын, кооптуу кырдаалга КМШ мамлекеттеринин жетекчилери да кабатыр экендигин белгилеп, мындан ары чогуу аракеттенип, уюшкан кылмыштуу топтордун бирдиктүү базасын түзүү, а түгүл алардын очогуна каршы күтүүсүз жана аеосуз операцияларды жүргүзүп туруу зарылчылыгы бышып жетилгендигин ачыктады:

- Ошко чогулганыбыздын себеби бул аймак баңгизат ташуу очогуна айланды. Бул аркылуу Орусияга жана Европага баңгизаттар кетип жаткандыгы эч кимге жашыруун эмес. Ошол себептүү мындай кырдаалга КМШ өлкөлөрүнүн жетекчлери да кайдыгер эмес. Ошондуктан бирдиктүү чараларды көрүп, тез-тез жолугуп, атүгүл чогуу операцияларды жүргүзгөнгө кириштик.

Кыргызстан ички иштер министринин орунбасары Жеңиш Жакыпов маңзат бизнесине кесиптештеринин аралашып кеткенин өкүнүү менен билдирип, андайларды «чыккынчы» деп атады. Ошондой эле булгангандардан арылуу максатында атайын бөлүм ачылганын, мындан ары кыңыр иши билингендер сотко жеткирилбей эле кызматынан бошотулаарын кошумчалады:

- Баңги бизнесине аралашып кеткен кызматкерлер бизде көп ачыгын эле айтыш керек. Ошол себептен министрдин чечими менен атайын кылмышка байланышып калган биздин мындайча айткада чыккынчылар менен иштөө боюнча иш алып барылат. Аны сотко чейин жеткирмейинче ал кызматкерлер биздин катарыбызда иштеп жүрө берчү. Азыр андай фактылар көп. Министр бүгүн өзүбүздүн нормативдик актыларга өзгөрүүлөрдү киргизди, так маалымат болуп калса, ал кызматкерлерди ишинен чететтүүгө аракет кылабыз.

Ал эми Кыргызстандын маңзатты көзөмөлдөө агенттигинин директорунун түштүк аймагы боюнча орун басары Шергозу Мырзакаримов Ооганстан былтыр рекорддук чекти багынтып, 8200 тонна маңзат өндүргөндүгүн, дээрлик дүйнөлүк үлүштүн 93 пайызы ушул өлкөгө таандыктыгын жар салды. Ушундай акыбал уланса, Ооганстандын гана эмес жалпы эле адамзаттын болочогуна балта чабылаарын кошумчалады:

- Баңгизат бул курал катарында дүйнөлүк терроризм, арам жол менен пайда тапкан адамдардын бизнеси болуп калды. 2006-жылы жалпы республика боюнча 4 жарым тоннадан ашуун баңгизаттары кармалган болсо, 2007-жылда 7 тоннага жакын баңгизаттар күч органдары тарабынан кармалып жатат. Жалпы опийдин 93 пайызы Ооганстандан чыгат. Дүйнөлүк коом, өкмөттүк эмес уюмдар жана башка уюмдар бардыгы кошулуп биргеликте чечпей турган болсо бул оогандын оорусу жалпы эле Ооганстандын өзүн жок кылбайт, дүйнөлүк адамзаттын келечегин бузууга алып келген өлкөгө айланып калды.

Орусия ички иштер министрлигинин өкүлү, полковник Сергей Тихоненко бардыгы барып каржылык кызыкчылыкка такалгандыгына, ошентсе да, чөлкөмдөгү наркобарондор кыйтырлыгына, геосаясий абалга тасир этүүгө аракети күчтүгүнө, аларга укук коргоо органдарынын айрым төбөлдөрү гана эмес террорчулар, экстремисттер да кошулуп жаткандыгына тынчсызданды:

- Бул жерде финансылык кызыкчылык жатат. Бирок биздеги наркобарондор кыйтыр экен. Латин Америка, Европа, Балтия өлкөлөрүнө караганда баңгизат менен шугулдангандардын ана башчыларын кармоо кыйынга турууда.

1-мартта Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Орусия мамлекеттеринин укук коргоо органдарынын жана атайын кызматтарынын өкүлдөрү аймактык кызыкчылыктарга коркунуч туудурган маңзат бизнесине каршы чогуу аракеттенип, уюшкан кылмыштуу топтордун бирдиктүү базасын түзүү, атүгүл алардын очогун жок кылуу багытында атайын операцияларды жүргүзүп туруу чараларын макулдашып, бир катар документтерге кол коюп тарашты.

Жергиликтүү серепчи Керим Калыгулов Оштогу кеңешменин документтери адаттагыдай эле кагаз жүзүндө калаарын, наркобизнеске каршы күрөштү күчөтүү максатында КМШ ичинде туруктуу орган түзүп, аны өзүнчө каржыламайынча, акыбал жакшырбастыгын билдирди:

-Айрым орган кызматкерери баңгизатын ташыгандар менен байланышта деп айтып атышпайбы. Байланышып алган кишилерди ал жолдон чыгарып, күрөшөт деген карышкырга кой кайтарткан менен барабар. Буга чейин формалдуу келишимдер, жолугушуулар, биригүүлөр көп эле жолу болуп келген. Бирок элдин турмушуна сезилээрлик натыйжа алып келген эмес.

XS
SM
MD
LG