Мөөнөтүнөн мурда шайлоо жарыялоого жакында Сербиядан көз карандысыздыгын жарыялаган Косового байланыштуу өлкөдө өкмөттүк кризистин жаралышы себеп болду. Май айынын башында өтөт турган шайлоо Сербия Европа Биримдигине мүчөлүккө өтүү аракетин уланта береби же 1990-жылдардагыдай жабык башкарууга өтөөрүн аныктайт. Өлкөнүн премьер-министри Воислав Коштуница Коштуница кабинет мүчөлөрү арасында Косово маселеси боюнча бирдиктүү позиция жоктугун айтып, мындай шартта өкмөт иштей албайт деп ишембиде билдирген. Мөөнөтсүз парламенттик шайлоону 11-майга белгилениши ыктымал.