Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:16

11-МАРТ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы чегара меселесин тактоо жыйыны 2003-жылдын 11-март күнү Ташкент шаарында башталды. Париж клубу аталган дүйнөлүк кредиторлордун биримдиги 2005-жылы Кыргызстандын тышкы карызынын 124 миллион долларын кечти.

«Кыргызстан» аталган көркөм-адабий журналдын биринчи саны 1946-жылдын бул күндөрү окурмандын колуна тийди. Анткен менен альманахтын сыясы кургай элегинде эле партиялык көзөмөлдөө органдары биринчи санда жарык көргөн макалалардын баардыгын «улутчул» жана «космополттик» маани ташыйт деген айып койду.

Кийин тарых адилеттиги аныкталып, аталган альманахта макалалары жарыяланган Осмонов, Токомбаев, Баялинов, Липкин, Шиваза сыяктуу авторлор кыргыз, орус жана дунган адабиятынын классиктерине айланышты.

Кыргызстан менен Өзбекстан ортосундагы чегара меселесин тактоо узак жылдар бою уланып келет. Эки өлкөнүн өкмөт аралык комиссиясынын кезектеги жыйыны 2003-жылдын 11-март күнү Ташкент шаарында башталды. Кыргыз делегациясын Кыргызстандын Евразия Экономикалык Шериктештигиндеги вице-премьер-министр даражасындагы өкүлү Базарбай Мамбетов жетектеп, эки тараптуу-комиссия ортодогу 1492 чакырымга созулган чегара тилкесининин 22 чакырымы боюнча макулдашууга жетишти. Сүйлөшүү жыйынтыгында Өзбекстан аймагындагы Кыргызстанга караштуу Барак кыштагы менен каттам кайра калыбына келтирилди. Мындан тышкары, өтмөт аралык комиссия чегарадагы текшерип-өткөрүүчү пункттар боюнча макулдашуунун долбоорун даярдаган.

Бириккен Улуттар Уюмуна караштуу Өнүктүрүү Программасы (ПРООН) 2003-жылдын 11-март күнү Кыргыз Республикасынын Омбудсмен институтуна 140 миң АКШ доллары менен жардам көрсөттү. ПРООНдун акчалай жардамы Кыргызстандын Акыйкатчы институтун калыптандырууга багытталган. Долбоор 9 айлык мөөнөткө белгиленип, бул убакта Акыйкатчы институтунун кызматкерлери үчүн консультациялык жана материалдык-техникалык жардам көрсөтүлөт. Эки тараптуу документке ПРООНдун Кыргызстандагы туруктуу өкүлү Ежи Скуратович жана Кыргызстан акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу кол коюшкан.

Париж клубу аталган дүйнөлүк кредиторлордун биримдиги Кыргызстандын тышкы карызынын 124 миллион долларын кечкендиги туурасындагы маалыматты, Каржы министрлигинин маалымат кызматы 2005-жылдын 11-март күнү таратты. Мындан тышкаары, Париж клубу Кыргызстандын 431 миллион доллар өлчөмдөгү тышкы карызынын төлөнүш мөөнөтүн кийинкиге калтырылган. Дүйнөлүк кредиторлор биримдигинин чечимине ылайык коммерциялык кредиттин 50 проценти кыскартылып, калган 50 проценттик акчаны төлөнүш убактысы 23 жылга узартылган.

АКШнын мамлекеттик департаментинин адам укуктары, демократия жана эмгек боюнча бюросунун Кыргызстандагы кырдаалга баа берген расмий докладына байланыштуу Тышкы иштер министрлиги 2005-жылдын 11-мартында атайын билдирүү таратты. Тышкы иштер министрлиги Кошмо Штаттардын департаменти Кыргызстанда өткөн шайлоо өнөктүгүн жана андан чыккан саясий кырдаалды бир тараптуу баалаган деп айыптады.
XS
SM
MD
LG