Орусиянын Тышкы иштер министрлиги АКШнын Мамдепартаментинин адам укуктарынын абалы боюнча жылдык отчетун сынга алды. Отчетто 2007-жылы Орусияда аткаруу бийлигинин борборлоштурулушу, коррупция, укук колдонуу органдарындагы адилетсиздик, жарандык активисттердин куугунтукталышы, массалык маалымат каражаттарынын чектелиши белгиленген. Орусиянын ТИМи бул билдирүү “кош стандарттуулукту” көрсөтүп турат деп, Иракта жана Ооганстанда АКШ адам укуктарын тебелеп жатат деп өздөрүн айыптады.