Анда мамлекет башчылары жана Конституциянын кепили катары мурунку жана азыркы президенттер Аскар Акаев жана Курманбек Бакиев тынч элге ок атууну уюштургандар катары күнөөлүү деп табылды. Сот ошондой эле Аманбек Карыпкулов, Чубак Абышкаев, Шермамат Осмонов, Садырбек Дубанаев, Темирбек Акматалиев баш болгон бир катар адамдарды да күнөөлүү деп тапты. Ал эми Осмонакун Ибраимов, Нышанбек Кочкоров, Мамбетакунов жана башка журналисттерди шыкакчы-күнөөлүүлөр деп атады. Сот Аксы окуясын териштирген прокуратура кызматкерлиринин жана Жогорку Соттун судьяларынын жоопкерчилиги каралыш керек деген бүтүмүн да жарыялады. Аксы окуясы боюнча элдик сот бүгүн Каражыгач айылында болду. (AiT)