Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Декабрь, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 16:31

9:45 Майлысууда балдардын тамактан ууланышы боюнча кылмыш иши сотко ашты


Башкы прокуратуранын маалыматына караганда Жалалабат облусунун Майлысуу шаарындагы №5 мектепте балдардын тамак-аштан массалык уулануусу боюнча кылмыш иши тергелип, иликтенип бүтүп 17-мартта Майлысуу шаардык сотуна жолдонгон. Стафилакок вирусун алып жүргөн делип мектептин ашпозчусу Т.Аккозовага санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактабагындыгы үчүн айып тагылды. Ошондой эле Майлысуу шаардык билим берүү бөлүмүнүн башчысы Таштанбек Кыргызбаевге, санэпиднадзордун башкы врачы Нейматулла Мамбетовго, №5 мектептин директору Сайра Абдуллаевага санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди бузган, шалаакылык, кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган делип айып тагылган. 18-февралда аталган мектепте 75 бала тамактан ууланып медициналык жардам көрсөтүлгөн. (AJ)

 

XS
SM
MD
LG