Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Февраль, 2025-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:19

ТАЛАСТА КООМДУК ПАРЛАМЕНТ ӨКҮЛДӨРҮ КУРУЛТАЙ ӨТКӨРҮШТҮ


Таласта Бишкектен барган Коомдук парламенттин өкүлдөрү 18-март күнү курултай өтүштү. Бирок алар жергиликтүү бийлик өкүлдөрү аталган жыйынды өткөрүүгө тоскоолдук жасашты деп билдиришти. Ал эми жергиликтүү айрым тургундар Кыргызстанга эки парламенттин кереги жок деп Коомдук парламентке каршы пикирлерин билдирүүдө.

Cаясий ырчы Сагынбек Момбековдун ыры менен 18-март күнү Талас шаарындагы “Кыркчоро” кинотеатрында курултай бир топ кеч башталды. Себеби электр жарыгы өчүп микрофон колонкаларды орнотууга мүмкүндүк болгон жок. Мындай көрүнүштү Коомдук парламенттин мүчөсү Касый Райымкул уулу бийлик тараптан жасалган тоскоолдук катары карайт:

- “Кыркчоро” деген кинотеатрына бир жума мурун атайын акчасын төлөп, тишелүү нерседен өтүп бүгүнкү жыйынга даярданганбыз. Тилекке каршы жыйын өтөөрүнө 40 мүнөт калган убакта жарыкты өчүрүп коюшту. Бул дагы болсо бийликтин кандайдыр бир бут тозуусу болуп эсептелип атат. Анткени кандай болбосун элдин оюн билдирбөөгө, элдин оюна каршы турууга аракети деп эсептейм.

“Кыркчоро” кинотеатрынын кызматкери Төлөмүш Төлөбеков муну бийлик тараптан жасалган тоскоолдук катары карабаш керек деп электр жарыгы мурда деле тез-тез өчүп келгенин айтууда:

- Электр жарыгы бул жерде дембе-дем өчүп турат. Өткөндө цирк болуп атканда свет өчүп калып, балдар толтура, эки саатан кийин барып күйдү.

Аталган курултайдын максаты 29-мартта Бишкекте боло турган элдик курултайга Таластан өкүлдөрдү шайлоо жана азыркы бийликтин жүргүзүп жаткан саясатына баа берүү дейт Касым Райымкул уулу.

Коомдук парламенттин өкүлү Уран Рыскулов курултайга катышкан таластыктар кайдыгер мамиле жасап, жыйынга активдүү катышпай жатасыңар деп элге кайрылды:

- Нарын облусун кыдырып эл менен жолугушуп келдик. Ал жерде эл кайдыгер отурган жок. Биз билбеген проблемаларды ошолор көтөрүп атты. Мисалы социалдык жактан балдардын пособиесин кыскартып салыптыр. Биз билген эмеспиз, ошолор бизге айтып атат.

Жерлерди башка мамлекеттерге алдырып жатабыз, энергетика менчикке өткөнү туура эмес, бийлик коррупцияга батты, мына ушундай сөздөр аталган жыйында кыйкырыктар менен айтылып жатты.

Карабуура районунун тургуну Гүлай Ибраимова Кыргызстанга бир эле парламент жетет деп, Коомдук парламентке каршы пикирде:

- Коомдук парламенттин азыр бизге кереги жок ко дейм. Мамлекетти жакшы нукка түшүрүп, тегиз бийлик болуш үчүн бир гана парламент иштеш керек.

Коомдук парламентти эл шайлаш керек жана азыркы Коомдук парламенттин көтөргөн маселелеринин үстүнөн президент деле иштеп жатат, дейт Талас шаарынын тургуну Жүзүрмамбет Жаналиев.

Жогоруда аталган жыйынга Коомдук парламенттин өкүлдөрүнүн айтымында 112 адам катышты. Ал эми укук коргоо кызматкерлеринин берген маалыматы боюнча 30 эле адам келди дейт. Укук коргоо кызматкерлери жыйынга катышкандыктан Бишкекте өтө турган курултайга Таластан кимдер жана канча адам бара турганын азырынча айтпайбыз дейт жыйынды алып баргандар.

XS
SM
MD
LG