Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:09

13:10 Коомдук парламенттин мүчөсү Роза Нурматованын үйүн белгисиз адамдар тинткен


Бүгүн Коомдук парламенттин отурумунда Роза Нурматова 18-мартта кечке маал белгисиз адамдар анын үйүн тинтип, компьютерди алып кетишкенин маалымдады. “Үйдөгү кагаздар чачылып, баалуу буюмдарга тийишкен эмес. Бул тинтүүгө бийликтин түздөн түз тиешеси бар”,-деди Нурматова. Анын айтымында, буга 18-мартта Таласта өткөн элдик жыйында азыркы бийликтин иш аракеттерине карата олутту сын айтканы себеп болду. Ал ошондой эле бул иш боюнча тартип коргоо кызматына арыз жолдогонун белгиледи. “Баары бир укук коргоо органдары бул иштин бетин ачпайт, “карга- карганын көзүн чукумак” беле”,-дейт Нурматова. (AJ)

XS
SM
MD
LG