Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:19

10:20 Дыйкандарды толук камсыз кылуу үчүн 6 млрд сом керек.


Бул тууралуу 1-вице-премьер-министр Искендер Айдаралиев бүгүн парламентте билдирди. Анын айтуусунда “Айыл банк” тарабынан бөлүнгөн 100 млн сом тиешелүү багытта иштелип жатат. Депутат Иса Өмүркуловдун суроосуна жооп берип жатып, Искендер Айдаралиев “Айыл банкты” менчиктештирүүнү этияттык менен ачык айкын, жалпыга маалым кылып ишке ашыруу керек деген пикирин билдирди. “Жең ичинен сатып жиберүүгө мен каршымын,” деди 1-вице-премьер-министр. Айыл чарбасын өнүктүрүү үчүн кооперативдерди өнүктүрүү зарылдыгын белгилеген Искендербек Айдаралиев парламент кооператив тууралуу мыйзамды карап берүүсүн өтүндү. (ZKo)

XS
SM
MD
LG