Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:40

МАМДУМА АБХАЗИЯ МЕНЕН ТҮШТҮК ОСЕТИЯНЫ ТААНУУГА ЧАКЫРУУДА


Муса Мураталиев, Москва Орусиянын Мамдумасы жума күнү таанылбаган жумурияттар Абхазия, Түштүк Осетия жана Приднестровье жетекчилеринин арыздарын карады. Олтурум акырында депутаттар алардын көз карандысыздыгын таануу канчалык максатка ылайык келген иш болорун байкаштыруусун өтүнүп, орус президенти менен өкмөткө атайын кайрылуу кабыл алышты.

Документте Грузиянын НАТОго мүчө болуп өтүү үчүн умтулуусу ал өлкөдө жашап жаткан элдердин биригүүсүнө тоскоолдук келтирет деп айтылат. Мамдуманын депутаттары ошондой эле ал таанылбаган жумурияттардагы орус жарандарынын коопсуздугу коргоого алынышы керек деп билдиришти. Март айынын башында Түштүк Осетия менен Абхазия парламенттери дүйнөлүк коомчулукка аларды таануу үчүн өтүнүч менен кайрылган эле.

АКШнын президенти Жорж Буш шаршемби күнү Бухарестте өтө турган саммитте Грузиянын НАТОго мүчө болушу туурасында сунуш киргизе тургандыгын билдирди:

-Мен Грузияны кабыл алуу НАТО үчүн пайдалуу болоруна ишенемин. Түндүкатлантикалык блокко кошулуу Грузияга да пайдалуу экенине ишенемин. Ошондой эле жакында Бухарестте бул маселени мен көтөрөмүн.

Бийликтеги «Бирдиктүү Орусия» партиясынын мүчөлөрү көпчүлүктү түзгөн Мамлекеттик Дума президент жана өкмөткө Абхазия менен Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын таанууга үндөгөн кайрылууну колдоп кол көтөрүштү.

Ал кайрылууда: «Мамдуманын депутаттары Абхазия жана Түштүк Осетиянын кайрылуусун талдап чыгып, Орусия федерациясынын президенти менен өкмөтүнө Абхазия жана Түштүк Осетиянын көз карандысыздыгын таануу канчалык максатка ылайыктуу болорун байкаштыруусун өтүнүп кайрылышат» - деп жазылган.

Ошону менен катар расмий Москва мындан ал субъектерге ары ачыктан ачык болуша тургандыгын айтышкан. Андай пикирдин бирин мамлекеттик сыналгы аркылуу Мамдуманын КМШ иштери боюнча жана мекендештер менен байланыш комитетинин төрагасы Александр Островский айтты:

-Эгерде Грузия НАТОго өтө турган болсо ошондой эле Грузия тараптан Абхазия менен Түштүк Осетияга кыр көргөзүү боло турган болсо, анда Орусия Федерациясы бардык чараларды, жада калса согуштук чара да көрүп, ал жактагы өз атуулдарын коргоого барат.

“Московский Комсомолец” гезитинин жазганына караганда, байкоочулар бир четинен орус парламенти Грузия менен Молдованын жеринин бүтүндүгүн жана эгемендүүлүгүн сыйлай тургандыгын, экинчиден, Косового караганда Абхазия, Түштүк Осетия жана Приднестровьенин эл аралык деңгээлде таанылууга көбүрөөк негизи бар болгонун билдиришүүдө.

Ошону менен катар байкоочулар расмий Москва бул маселеде ошончо эле кыл чайнашкан абалга барбай тургандыгын да айтышат. Ага башкы себеп - бир нече жылдан бери согуш жүрүп аткан Чеченстандагы жагдай.

XS
SM
MD
LG