Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 21:34

ЫҢКЫЛАП САЛТАНАТЫ ПРЕЗИДЕНТСИЗ ӨТТҮ


Бүгүн Бишкек шаарындагы улуттук филармонияда ыңкылап күнүнө карата өлкөнүн биринчи адамдарынын катышуусунда майрамдык салтанат өттү. Салтанатка президент Курманбек Бакиев ден-соолугуна байланыштуу Германияда дарыланып жүргөндүктөн катыша алган жок. Ошол эле маалда оппозиция өкүлдөрү менен бир катар жарандар ыңкылап өз максаттарына жетпей калганын айтышып, 24-март күнүн майрам деп эсептөөгө каршы болушууда.



24-март - ыңкылап күнүнө арналган майрамдык салтанат, кыргыз эли кандайча бийликти кулатканын жана анын башында лидер катары Курманбек Бакиевдин орду жогору болгонун баяндаган документалдык фильм менен башталды. Өлкө башчысы Курманбек Бакиев ден-соолугуна байланыштуу чет жерде дарыланып аткандыгын айтып, куттуктоо сөздү Жогорку Кеңештин төрагасы Адахан Мадумаров сүйлөдү. Президент менен салтанаттын алдында сүйлөшкөнүн, анын саламаттыгы жакшы экенин айткан төрага, Курманбек Бакиев тууралуу тарап кеткен имиш сөздөрдү төгүндөдү. Ошондой эле ал 2005-жылы эл койгон көптөгөн талаптар аткарылганын айтты:

- Мен Курманбек Салиевич Бакиевдин ушунчалык сабырдуулугуна, чыдамкайлыгына дагы бир жолу тан бердим. Жеке инсандын кызыкчылыгын көздөп, ойноп таразага коюп койгон болбойт деген акылдуу насааттарын ушул мезгилге чейин айтып келди. Эгерде жашыраак, курчураак бирөө болгондо ошол кезде кыргыз элинин тагдырын же нары же бери кылып чечип коймок. Дагы бир жолу ал айкөлдүүлүк көргөзүп, баары өз нугу менен барышын көздөп, элге берген убадаларды аткара турганыбызды айтып, ушул кыска 2 жылдын ичинде эл койгон талаптардын дээрилик көпчүлүгү аткарылды.

Спорт, дене тарбия жана жаштардын иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин жетекчиси Бектур Асановдун айтымында, ыңкылап тууралуу кайчы пикирлердин айтылып жатканы мыйзам ченемдүү. :

- Кайчы пикирлер боло берет. Бири бул күнү ыңкылап болду десе, башкасы төңкөрүш дешет. Революциянын максаттарынын ишке ашып же ашпаганы боюнча айтсак, дагы убакыт бар. Үч жыл гана болду да. Алдыда дагы көп нерселерди жасашыбыз керек. Эгер алар ишке ашпаса бул бийликтин деле келечеги жакшы болбой калат.





“Ата мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев бүгүнкү күндү майрам деп эсептөө али эртелик кыларын айтат. Анын айтымында, бул күнгө кийинки муундун өкүлдөрү баа бериш керек эле. Ошондой эле ал 2005-жылдан кийин өлкөнү башкаруу кандайча жүрүп жатканы тууралуу мындай деди:

- Эгерде мурда президенттин аялы, кийинчерээк акыркы этаптарында кызы мамлекеттик саясатка аралашты деп айтып келсек, азыр жамааттык, ашардык ыкма менен башкарып калышты. Ака-үкөлөрү, бала-чакасы мындай турсун, небере, жээндер, тагалар, бөлөлөр дагы аралашып башкарып атышат. Алардан ашканын жоролор башкарып атат. Экономиканын тигил же бул тармагын, министрликтердеги кадр саясатын чечүүнү тигил тууганы чечет экен, бул тууганы чечет экен деп, эл алдында ушундай саясат жүрүп атат. Мына ошентип саясий планда таза шайлоо өткөрүү, мыйзамдуулукту сактоо, адам укуктарын коргоо боюнча бир да убадалар аткарылбай, кайра күчөп атат. Мына, өз пикирин айтып көчөгө чыгып койгон адамдарды алып барып камат атышат.

XS
SM
MD
LG