Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 01:37

АЗЫК-ТҮЛҮКТҮН КЫМБАТТАШЫ АЧАРЧЫЛЫКТЫН “ЖАҢЫ ТҮРҮН” ЧЫГАРДЫ


Улуттар Уюмунун азык-түлүк программасына быйыл майга чейин жарым миллиард доллардан ашуун шашылыш каражат керек. Эгер мынча акча табылбаса, анда бул мекеме дүйнөнүн жакыр өлкөлөрүнө көрсөтүп жаткан жардамын кыскартканга аргасыз болот. Мунун арты дүйнөдө ачарчылыктын жаңы толкунун пайда кылышы мүмкүн.

Дүйнөлүк азык-түлүк программасы сексенден ашуун өлкөдөгү 73 миллиондой адамга тамак-аштан жардамдашат. Уюм өзүнүн быйылкы бүжетин 2,9 миллиард доллар өлчөмүндө пландаган эле. Бирок азыр ага 500 миллион доллардан ашыгыраак кошумча тыкыр каражат керек. Эгер өкмөттөр менен жеке донолордон уюмдун эсебине майга чейин ушунча өлчөмдө акча түшпөсө,анда бир катар өлкөлөр,баарыдан мурда жакыр аймактар быйыл ачарчылыкка туш болот. Бул тууралуу жакында дүйнөлүк донорлорго чукул жардам сурап кайрылып, уюмдун жетекчилиги эскертти.

Программанын аткаруучу директору Жозетт Ширан моюнга алгандай, каражаттын каатчылыгынан улам уюм өз программасын кыскартканга же азык-түлүккө мукурап муктаж болуп отурган өлкөлөргө өп-чаптап жардам көрсөткөнгө аргасыз болот. Бул эки жол тең миңдеген адамдардын өлүмүнө алып келиши ыктымал.

“Биздин уюм адатта табигый кырсыктардан же уруш-согуштардан улам келип чыккан азык-түлүк каатчылыгына жардамдашат”,- дейт программанын өкүлү Бренда Бартон. Быйыл пайда болгон проблеманы ал ачарчылыктын “жаңы түрү” деп атады. Кеп шаар жериндеги калк арасындагы азык-түлүк тартыштыгы тууралуу болуп жатат.

Мындай абалды уюмдун өкүлдөрү дүйнөлүк рыноктогу оош-кыйыштардан келип чыкты дешет. Атап айтканда, азык-түлүктөрдү адатта уюм америкалык доллар наркында сатып алат. Акыркы кезде доллардын куну түштү, ал эми азык-түлүктүн баасы асмандап кетти. Алардын жалпы базар наркы былтыр жайда 55 процентке чейин көтөрүлүп, андан ылдый түшө элек. Баа дагы жогорулайт. Буудайдын, дан азыктарынын башка түрлөрүнөн соң өткөн аптада күрүч да кескин кымбаттады. Буга кошумча биологиялык отундун баасы өстү, натыйжада айдоо аянттарына этанол алынуучу өсүмдүктөр көп эгиле баштады.

Дан эгиндеринин кем айдалышы шаар жеринде азык-түлүк каатчылыгын пайда кылды. Буга кошумча тамак-аштын кескин кымбаттады. Эки фактор кошул-ташыл болуп, көп аймактарда, өзгөчө жакыр-жалчы, өнүкпөгөн өлкөлөрдө кыйчалыш кырдаал түзүлдү. Азык-түлүк программасынын өкүлү буга мисал кылып Ооганстандагы абалды атады. “Ооган өкмөтү кошумча 2,5 миллион кишиге тамак-аштан жардам көрсөтүүнү суранды, - дейт Бартон. - Ундун, башка да дан азыктары кымбаттагандан шаар жериндеги калкты ачарчылык каптады. Бир эле оогандыктардын керектөөсүн канааттандырганы уюмга 77 миллион доллар кошумча каражат керек болот”.

Көптөгөн аймактарда, алардын ичинде Азия, Африка, Латын Америка жергесиндеги өлкөлөрдө да Ооганстандагыдай кыйчалыш кырдаал пайда болду. Улуттар Уюму өткөн аптадагы докладында Борборазиядан Тажикстандагы калктын 50 проценттен ашыгы быйыл ачарчылыктын азарын тартышы ыктымал экенин эскертти.

XS
SM
MD
LG