Ал апрель айына белгиленүүдө. Маселе тегерек столдо талкуулангандан кийин май айында парламенттин күн тартибине киргизилет. Бул тууралуу борборду көчүрүү демилгесин көтөрүп жаткан Жогорку Кеңештеги социал-демократиялык фракциянын мүчөсү Мурат Жураев билдирди. Анын айтымында, бул өлкөнүн бүтүндүгүн, коопсуздугун, эгемендүүлүгүн сактоо үчүн керек. Оор социалдык-экономикалык кырдаал, коңшу мамлекеттерден келип жаткан жылмышкан миграция, чек аранын аныктала электиги мамлекет үчүн коркунуч туудурууда.(AiT)