Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 09:53

ПРЕЗИДЕНТ КЕҢИРИ КЕҢЕШМЕ ӨТКӨРӨТ


Бүгүн президент Курманбек Бакиев өкмөттүк жыйын өткөрөт. Алдын ала берилген маалыматтар боюнча жыйында өлкөдөгү абал жана мурда берилген тапшырмалар кандай аткарылгандыгы тууралуу сөз болот. Президенттик басма сөз жыйынга өкмөт курамы толугу менен, президенттик администрация, Коопсуздук кеңешинин мүчөлөрү да катышарын билдирген. Айрым байкоочулар президент бүгүнкү жыйында өлкөнүн экономикалык абалына көбүрөөк басым жасаса деген пикирлерин айтышууда.

Мамлекет башчы дээрлик бир айга созулган эмгек өргүүсүнөн кийин чоң бир кеңешмеге катышары тууралуу президенттик администрациянын башчысы Медет Садыркулов “Азаттыкка” билдирген эле.

Дүйшөмбү күнү өкмөттүк жыйын куруп, учурдагы өлкө абалы жана берилген тапшырмалардын кандайча ишке ашырылып жатканы тууралуу жыйын өткөрөрүн мамлекет башчы Германиядан кайтып келген күнү аэропортто журналисттерге маалымат берип жатып бекемдеген.

Президенттик басма сөз кызматынан алынган маалыматтар боюнча бүгүнкү жыйын негизинен өлкөнүн экономикалык абалын талкуулоого арналат. Күн тартибиндеги негизги маселелердин башында Камбарата-2 ГЭСинин курулушу, Токтогул суу сактагычынын абалы, жазгы айдоо иштеринин жүрүшү тууралуу маселелер турат. 1-вице-премьер-министр Искендербек Айдаралиев “Азаттыкка” билдиргени боюнча жазгы талаа иштерин жакшылап жүргүзүү, дыйкандарды үрөн, күйүүчү май жана башка талаа иштерине керектүү каражаттар менен камсыздоо тууралуу президент Курманбек Бакиев атайын тапшырма берген:

-Бирден-бир коюлган талап, президенттин талабы -эң биринчи кезекте жазгы талаачылык иштерин жакшылап жүргүзүү, жаздык эгиндерди айдоо.

Президент экономикалык абал тууралуу тынчсызданып, бул жагдайда эмитен катуу аракет көрбөсө, күзгө барып Кыргызстан катаал экономикалык шартта калышы ыктымалдыгын айтышат байкоочулар. Белгилүү көз карандысыз экономист Айылчы Сарыбаев мамлекет башчы бул үчүн эң биринчи бийликти коррупционерлерден тазалоосу тийиш, деп эсептейт:

-Быйыл баары бир оорчулук күтүлүп атат. Бирок ушул оорчулукту азганакай болсо да жеңилдетүү үчүн мамлекет башчы эң биринчи коррупционер жетекчилеринен кутулушу керек. Бул биздин пикир, кандай кылат, өзү билет.

Бүгүнкү жыйындын саясий өңүтү азырынча жабык кармалууда. Президенттин басма сөз кызматы да бул жагдайда талкуулануучу маселелер тууралуу маалымат жоктугун кыйытты. Айрым саясатчылар жаз келиши менен өлкөдөгү саясий абал курчуйт деген божомолдорун айтып келишкен. Буга мисал катары “Курманбек Бакиевди кызматтан кетирүү” револциялык комитетинин, “Акыйкаттык үчүн” кыймылынын Коомдук парламенти жүргүзүп жаткан иш-аракеттери, өткөн жумада “Демократиялык ордо союздун” кайрадан жаңыртылып түзүлүшү белгиленүүдө. Мындан тышкары апрель-май айларынан тарта энергетика, транспорт тарифтеринин көтөрүлүшү, күйүүчү май, ун менен майдын кымбатташы күтүлүп жатканы – элдин социалдык толкундоолорун жаратат, бул болсо өз учурунда өлкөдөгү саясий кырдаалдын курчушуна алып келет, деген пикирлер бар.
  • 16x9 Image

    Замира Кожобаева

    “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы. 2011-жылы Мамлекеттик Ардак грамота менен сыйланган. Кыргыз улуттук университетинин филология факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG