Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:25

15:56 Кадамжай районунун дыйканчылык конушунда жарылбай жаткан авиа бомба табылды


Бул тууралуу Баткен облустук акимчилигинин укук коргоо жана коргонуу органдары боюнча бөлүм башчысы Таштемир Эшалиев 31-мартта «Азаттыкка» маалым кылды. Кадамжай районуна караштуу Миңчынар айылынан алыс эмес дыйканчылык талаасында болжол менен 60-жылдарга тиешелүү делген, жарылуучу авиациялык бомбаны «Айдаркен» чегара отрядынын аскерлери аныктаган. Учурда Оштон келген саперлердун жардамы менен бомба табылган 7 километр чарчы аянт кошо текшерүүгө алынууда. Аталган аймакта 2007-жылы да жарылбай калган үч тарыхый авиа бомба табылган. Алардын экөөсүн карапайым тургундар таап алып, турмуш тиричилигине колдонуп жаткан жеринен кайтарып алышкан. Бийлик өкүлдөрүнүн маалыматына караганда, өткөн кылымдын 45-60-жылдары азыркы Кадамжай районунун Актурпак, Халмион айыл өкмөттөрүнүн жана Өзбекстандын Риштан районунун аймагында советтик аскерлердин машыгуу полигондору жайгашкан экен. (SA)

XS
SM
MD
LG