- Жазгы айдап-себүүгө даярдыктар кандай жүрүп жатат?
- Быйыл буюрса элдин маанайы абдан жакшы. Анткени кар калың жаады. Былтыркы кургакчылыктан жүдөп калдык эле. Экинчиден, айыл чарба техникаларынын даярдыгын 25-мартка чейин кабыл алдык. Айылдарда техниканын дээрлик бардыгы оңолуп калды десек жаңылышпайбыз. Быйыл эрте баштайлы деп атабыз. 5 миң 150 гектардын тегерегинде дан эгин айдасакпы деп пландаштырганбыз. Бирок элдин даярдыгы боюнча биз андан да көп айдайбыз го деген үмүтүбүз болуп атат.
- Өкмөт күйүүчү май жана үрөн менен жардам беребиз деп айткан эле. Ушул жардамдарды алып жатасыздарбы?
- Жакында эле Искендер Рысбекович катышкан кеңеш болду бизде. 20 сом 50 тыйындык Балыкчыга келе турган майдын акчасын 100 тоннанын тегерегинде топтоп койгонбуз. Апрелдин бешинде келет деп атышат, келсе тартып алабыз.
- Жазгы талаа иштерин жүргүзүүдө айыл чарба техникасы жетиштүү болуп жатабы?
- Техника жетиштүү эле, бирок техниканын көпчүлүк бөлүгү эскирди. Эң соңку советтик техника районго 86-жылы келген. Андан кийин былтыр Кытайдын 14 техника алдык эле, ошолор жакшы жардам кылып атат. Эми Липецскийден келчү техникага 40-50дөн ашык арыз берип койдук. Облуска бөлүштүрүлгөнүнө жараша алабыз.
- Азык-түлүккө баанын кымбатташы райондун тургундарына кандай таасирин тийгизип жатат?
- Бизге албетте терс таасирин тийгизип жатат. Негизинен “чумадан мурун чума келатат” деген дүрбөлөң жаман. Ошон үчүн сабырдуулук менен мамиле кылыш керек. Азыр өкмөт да, президент дагы ушул жөнүндө айтып атпайбы, өзүнүн азык-түлүк балансы жөнүндө ойлонуш керек. Ошондо гана жанагыдай ызы-чууга, кооптонууга жол бербей чыгып кетишибиз керек.
- Элет жеринде өзгөчө региондордо мал ылаңдарынын көбөйүшү да айтылып жатпайбы. Мисалы жаңы туулган козулардын кара өпкө ылаңынан өлүшү. Ошол эле бодо малдарды шарп оорусунан дарылоо кандай жүргүзүлүп жатат?
- Кара өпкө ылаңы кийинки жылдары чыкпай калган, бирок биздин кошуна райондордо чыга калып, бизге да жугуп калды. Бирок андан көп зыян тарткан жокпуз. Шарп боюнча деле кырдаалдан чыгып атабыз. Негизинен биз жакшы методго өтүп атабыз. Быйыл ушуну баштайбыз. Жай мезгилинде малдын көбү жайлоодо болот. Ошол мезгилде даярдашыбыз керек. Ошон үчүн ар бир чоң-чоң жайлоолорго ички резервден тыйын таап, атайын ветаптека ачуу жөнүндө маселени чечип жатабыз. Буюрса бул дагы өзүнүн оң натыйжасын берет го деген ойдобуз.
- Маегиңизге ырахмат.