Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 12:48

11:36 Өткөн жылы мүмкүнчүлүгү чектелген 160 адам иш менен камсыз болгон


Бул тууралуу Миграция жана калкты иш менен камсыз кылуу комитетинен билдиришти. Комитеттин өкүлү Галина Воронинанын айтымында, көптөгөн майып адамдар иш издеп кайрылганы менен бардыгына жумуш таап берүү мүмкүн эмес болуп жатат. “Эмгек кодекси боюнча ишканаларда коллективдин беш пайызын мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар түзүшү керек. Аларга квота берүү боюнча мыйзам бир топ жыл мурда парламент тарабынан да иштелип чыккан. Бирок учурда ал мыйзам эч аткарылбайт. Анткени өлкөдө мамлекеттик ишканалар дээрлик калбай калды, жеке компаниялар болсо майып адамдарды ишке алууну каалабайт. Биздин комитет аларга иш таап берүүгө болгон аракетин жасап жатат, бирок жеке ишканаларга биз эч кандай талаптарды кое албайбыз”, - дейт Г.Воронина. (AiJu)

XS
SM
MD
LG