Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:29

ЖЕР ТИТИРӨӨДӨН ЖАБЫР ТАРТКАНДАРГА ЖАРДАМ ЭМНЕ ҮЧҮН КЕЧИКТИ?


Маектешкен Мээрим Султангазы, Бишкек Ошто жер титирөөдөн жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү жана жаздын келиши менен сел жүрүү коркунучу болгон аймактарда жүргүзүлгөн иш-чаралар боюнча “Азаттык” үналгысынын суроолоруна Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин өзгөчө кырдаалдарды изилдөө жана мониторинг департаментинин жетекчиси Адыл Жумабаев жооп берди.

-Адыл мырза, айрым маалыматтарга караганда Ошто жер титирөөдөн жабыр тарткан жарандардын көпчүлүгү ушул кунгө чейин өкмөттөн жардам ала электиги айтылууда. Анын себебине токтоло кетсеңиз.

-Өкмөттөн жардам алат дегенди мындай түшүнүш керек: гуманитардык жардам боюнча өкмөттөн көз каранды эмес, аны жергиликтүү бийликтер алып жатышат. Ал эми өкмөттүн негизги жардамы - үйү авариялык абалда болгон жарандарга мамлекет тарабынан ссуда берүү деп түшүнөм берген сурооңузду.

-Эми ошол ссуда бардыгына берилдиби?

-Чындыгында азырынча кечигип жатат. Азыркы күндө бардыгы сертификаттарды алып бүттү. 2 миңге чейин өлчөмдө үй куруу үчүн мамлекет тарабынан жеңилдетилген ипотекалык кредиттер берилет. Аларды төлөө мөөнөтү 18 жыл. Үй бүткөндөн 3 жылдан кийин башталат. Мен ойлойм жакынкы арада бардыгына берилип бүтөт. Бул маселе чечилип эле калды.

-Эми ошол жардамдын кечеңдешинин себеби эмнеде?

-Биринчиден, өзүңүздөр көрдүңүздөр, февраль айына чейин биз үйлөрдү тактадык. 20 миңге жакын үйдү изилдедик. Канча үй жараксыз болду, кандай болду деп. Бүтөргө жакын кайрадан арыздар башталды. Аларды кайрадан текшерип чыктык. Ошентип 1 айдын ичинде жыйынтыгын чыгарып, өкмөткө бердик. Март ичи 2-3 майрам болуп кеткенине байланыштуу жыйынтыгын чыгарып беришти, тизмесин тактап, сертификатын заказ кылып чыгарып келдим, мына апрелде бере баштадык. Эми мен ойлойм азыр деле кеч эмес, эми жаз келди, азыр берип баштаса күзгө чейин элдер үй куруп алганга жетишет.

-Жаздын келиши менен суу ташкындары, жер көчкүлөрдүн көп болушу мүмкүндүгү айтылууда. Алдын ала кандай иш чаралар көрүлүп жатат азыр?

-Мына жаз келди, мөңгүлөр, карлар ээрий баштады. Эми дарыялардын жээгинде, тоолордун этегинде селдин жана суу ташкындарынын болушу күтүлүүдө. Февраль айынын башында жыл сайын биздин департамент тарабынан өзгөчө кырдаалдар боло турган жерлерди алдын алуу боюнча ар кандай чараларды көрүү боюнча биз өзүбүздүн прогноздук китебибизди бүт губернаторлорго, акимдерге, өтө кооптуу деген айыл өкмөтүнүн башчыларына таратып бердик. Ошол жерде кайсы сайдан, кайсы айылдардан сел же суу ташкыны болушу мүмкүн, ошол сел болгондо кайсы жерде кандай зыян алып келиши мүмкүн деп жазылган.

Эми булардын бардыгын эле алдын алуу үчүн көпчүлүк айыл өкмөттөрдө жана райондордо эркин акчасы жок, ошон үчүн биздин министрлик тарабынан азыр Кыргызстан боюнча командалык штабдык окуу деп коет. Ошол жерге биздин министрлик тарабынан соляркасы жана техникасы бөлүнөт, ал эми эл тарабынан өздөрү чыгып, ашандык ыкма менен иштерди жүргүзүп жатат.

Өткөн жылы МЧС 50дөн ашуун жаңы техника алганбыз. Ошолорду азыр бөлүп иштеп жатышат. Мисалы үчүн Ноокат районундагы Кеңеш айыл өкмөтүндө, Сузакта, Көкарык дарыясынын жээктеринде оңдоо иштери бүтүп, азыр эми ошол техниканы биз Ноокен районуна көчүрүп жатабыз.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG