Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:16

14:25 Азия өнүктүрүү банкы төрт облустагы суу түтүктөрүн өздөрүнүн эсебинен оңдой турган болду


Бул тууралуу “Таза табихат” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Анара Даулеталиева Азия өнүктүрүү банкынын Филиппиндеги Манила шаарында жайгашкан баш кеңсесине барып келгенден кийин “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, жакын арада Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү Кыргызстанга келип Баткен, Жалалабат, Чүй,Талас облустарындагы “таза суу” долбоору боюнча курулган суу түтүктөрүнүн абалы менен жеринде таанышып чыгышат. Алар чала курулган суу түтүктөрүн өздөрүнүн эсебинен куруп берүүгө макулдугун беришти, дейт Даулеталиева. “Таза табихат” бейөкмөт уюму өткөн жылы жайында Чүй облусунда текшерүү жүргүзүп бир нече айылдардагы иче турган суудан курт чыкканын, суу түтүктөрү, кудуктар сапатсыз курулганын аныкташкан. Аталган уюм “таза суу” долбоорунун жыйынтыгын коомчулукка ачык жарыялоону, бул маселе боюнча Башкы прокуратура кылмыш ишин козгоп, суу түтүктөрүн сапатсыз курган “Хан-Теңгри” компаниясын жоопкерчиликке тартууну талап кылышкан. (AJ)

XS
SM
MD
LG