Кыргыз өкмөтү Европанын Албания, Болгария, Босния жана Герцеговина, Македония, Польша, Румыния, Сербия, Словения, Словакия, Хорватия жана Чехия өлкөлөрүнө карата визалык режим киргизип, Кыргызстандын чек арасына киргенде бул өлкөлөрдүн жарандарынын виза ачуусун талап кылган токтом кабыл алды. Аталган токтом эки тараптуулук принциптеринин негизинде иштелип чыккан. Буга чейин аты аталган өлкөлөрдүн жарандары Кыргызстанга эч кандай визасыз эле кирүүгө акылары бар болчу. Эми 1-июлдан баштап токтом күчүнө кирсе, кыргыз тарап бул өлкөлөрдүн жарандарынан виза талап кыла баштайт. Тышкы иштер министрлигинин маалымат кызматы билдиргендей бул жаатагы саясат либералдаштырылып, виза ачууда ашыкча документтер талап кылынбайт (IJz)