Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:27

16:54 Бээжинде өтө турган Олимпиадага оштук спортчулардын катышуусу күмөн


Бул жөнүндө Ош шаардык спорт жана жаштар саясаты комитетинин төрагасы Замирбек Аскаров 8-апрелде “Азаттыкка” маалымдады. Анын айтымында, жолдомо алуу үчүн өткөрүлгөн спорттук мелдештерде жердештери талаптагыдай көрсөткүчтөрдү багындыра алышкан жок. Оштогу олимпиадалык резерв мектебинин директору Токтосун Камчыбеков бийлик тарабынан убагында жетиштүү кам көрүлбөй, каржы бөлүнбөгөндүктөн ушундай кейипти кийишкендигин, бирок алдыда оор атлетика жана күрөш боюнча Бээжинге жолдомо алуу үчүн сынактар тургандыгын, акыркы үмүт ошондо калгандыгын каңкуулады. (АТо)

XS
SM
MD
LG