Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 18:51

19:43 Барскоондогу оорукананын дарыгери бийликтин кысымы менен кызматынан алындыбы?


Барскоон кырсыгында жабыркагандарга Кумтөрдөн өндүрүлгөн компенсациядан өзүнө көбүрөк эмгек акы чектеп алган деген кине менен дарыгер Бактыгүл Иманкожоева 4-апрелде кызматынан бошотулду. Муну “Карек” бейөкмөт уюму менен бирге иштеп, адам укугун коргоого салым кошуп келаткан ишмердиги менен байланыштырган жердештери Саламаттык сактоо министрлигинин тапкан шылтоосу деп нааразы болушууда. Барскондуктар цианид менен ууланганда дарыгер катары биринчи жардамын көрсөткөн Бактыгүл Иманкожоева Жетиөгүз райондук ички иштер бөлүмүнүн учурда көрсөтүп аткан кордуктары боюнча дагы сотко кайрыларын “Азаттыкка” билдирди. (RB)

XS
SM
MD
LG