Жолго чыгар алдында Пан Ги Мун ИТАР-ТАСС кабарчысына буларды айткан:
-Мен Орусия Федерациясынын жер жүзүндө аба ырайынын өзгөрүп баратышынан тартып террорчулукка каршы күрөшкө чейинки маселелерде сөзсүз колдошу үчүн аракет кыламын.
Медведев болсо БУУнун ишкердигин кайра бычуу деген кеп негизсиз деп тапты. Анын каршысында бул эл аралык уюмга колдон келишинче жардам көргөзүү парз деди, ошол эле учурда:
-Ар кыл эл аралык, Косово окуясы сыяктуу жана башка маселелерди БУУнун чечимине карама каршы келген жол менен чечүү бейнатыйжалуу жана бейкутчулук менен стабилдүүлүктөн четтетет.
Байкоочулардын баамында, кийинки жылдары АКШ, Британия баш болгон батыш өлкөлөрү Орусиянын түшкөн жолун эске алып, БУУнун Коопсуздук Кеңешинин механизмин кантип айланып өтүштүн жолун таап, же НАТОнун алкагында, же Евробиримдиги алкагында көп олуттуу маселелерде расмий Москванын кебин капарларына албай келет.
“Мурас” корунун Москвадагы бөлүмүнүн жетекчиси Евгений Волк айтканга караганда ошол себептүү ал эл аралык уюмда Орусиянын кызыкчылыгы өтө зор:
-Орусия, албетте, Коопсуздук Кеңешинин кадыр баркын арттырууга абдан кызыкдар. Ал өзүнө керек маселелерде вето укугунан пайдалануу же вето саламын деп коркутуп-үркүтүүсүнөн пайдаланууга абдан кызыкдар.
«Коммерсант» басылмасы жазганга караганда БУУнун казынасына Орусия төгүүчү үлүш жарды мамлекеттердикиндей. Ал эл аралык уюмду каржылап турган негизги 15 мамлекетке кошулбайт. Негизги мамлекеттерге өнөр жайы өнүккөн 7 өлкөдөн тышкары Испания, Кытай, Мексика, Корея, Нидерланды, Австрия, Швейцария жана Бразилия кирет. Америка Кошмо Штаттары ар жылы 500 миллион доллар бөлөт. “Мындай каражат БУУнун жылдык бюджетинин 22 пайызына барабар” деп жазат аталган гезит.