12-апрелде Украинада “Адам укуктарынын жана эркиндиктеринин жаңы чакырыктары” аттуу эл аралык конференция өтөт. Ага катышуу үчүн Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбек Акун бүгүн Киевге жөнөп жатат. Ал эми 14-апрелде Кыргызстандын акыйкатчысы Венада өтө турган “Акыйкатчынын таасири” аттуу эл аралык 2-конференцияга катышып, доклад окуйт. Конференцияны Гента шаарындагы саясат борбору менен Эл аралык акыйкатчы институту уюштурууда. Бул тууралуу акыйкатчынын маалымат кызматы билдирди. (BuS)