Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:05

БИЙЛИК ПАРТИЯСЫ: ОҢГО БАРСАҢ – ЭКОНОМИКА, СОЛГО БАРСАҢ - САЯСАТ


14-апрелдеги президент К.Бакиев менен “Ак жол” фракциясынын мүчөлөрүнүн жолугушуусунда экономикалык мыйзамдарды кабыл алуунун айрым маселелери талкууланды. Өкмөт сунуш кылган биртоп экономикалык мыйзамдардын кабыл алынышы кечеңдеп, бийлик партиясы менен министрлер кабинетинин ортосунда иштиктүү мамиле орной электиги кыйладан бери айтылып келатат.

Жаңы парламент ишин баштаганы аткаруу, мыйзам чыгаруу бийликтеринин ортосундагы ачык-тымызын тирешке чек коюлуп, өкмөттүн мыйзамдары такатсыз кабыл алынарынан эч ким шек деле кылбай калган. Мындай пикирдин натуралыгын парламент спикери Адахан Мадумаров мындайча ырастаган.

- Жогорку Кеңеш бул партия менен келгенден кийин өкмөттөн келген аркандай сунуштарды токтоосуз түрдө, кыйшаюусуз түрдө кабыл алып берет деп жазып да келгенсиздер, ушу күндө да жазып жатасыздар. А белгилүү нерсе. “Кумтөр” боюнча, энергетика тармактары боюнча маселелер дагы бир жолу сиздерге далил. Өкмөттүн берген сунуштарын “чу” дегенде эле биз кабыл алып кое турган Жогорку Кеңеш эмеспиз.

Эмнеликтен жаңы парламент өкмөт сунуштаган биртоп мыйзамдарды маалкатып кабыл албай жатышынын себеп-жөнүн президент К.Бакиев башкача жагдайга байланыштырат.

- Кечиресиз, мен мурда парламентте иштебесем, менин кесибим башка болсо, албетте, түшүнбөйт да. И “муну дагы уурдап жегиси келип жаткандыр” деп отурат. Кой муну сатпаш керек! Бул элдики, муну бекем басып отуруш керек! А эртең эмне болот? Ким аны түшүндүрүшү керек?

Ошентип, жаңы парламент менен аткаруу бийлигинин ортосунда түшүндүрүү- агартуучулук жумуштар жүргүзүлүш керектиги кийинки кездери президент өткөргөн жыйындардын дээрлик баарында кайталанып келатат. Парламенттин мурдагы депутаты Темир Сариевдин айтуусунда, бир партиядан тараган эки бийликтин ортосундагы азыркыдай ахывал күтүлгөн нерсе болчу.

- Ушундай болмок, абдан даярдалбаган, аркайсы көз карашты карманган, түрдүү катмардагы адамдарды жөн эле алып келип партиялык тизмеге киргизип отургузуп койгон. Көптөрү чынында эле “Акжолдун” кайсы программасын, максаттарын аткарабыз деп, аягына чейин түшүнбөй эле жатышат. Мамлекеттик орчун маселени талдап жатканда алардын айрымдары ичиндегисин айтып жиберип жатышат. Бул, албетте, бийликтегилерге жакпай калып жатат.

Президент менен жолугушууга катышкан “Ак жол” партиясынын мүчөсү Рашид Тагаев мыйзам долбоорун талкуулоо учурунда депутаттарда аркыл көз караш, пикирлер айтыларын ырастап, мыйзам долбоорун министрлер жакшылап түшүндүрүп бериши керек деген пикирде.

- Анан бир күнү бир министр орунбасары келип ал бирди сүйлөйт, экинчи күнү башка орунбасар келип ал башканы сүйлөйт. Үчүнчү күнү министр келет. Ошон үчүн бул маселени да ал жерде койдук. Жалаң тажрыйбалуу министрлер келип, жакшынакай түшүндүрмөлөр берип, мыйзамдарды өткөргөнгө аракет кылышсын. Андан кийин комитеттерге сөзсүз түрдө министрлер барсын, “зам-пам” деген болбосун! Ошол министрлер барып, депутаттарга жеткирсин деген сөздөр болду.

Рашид Тагаев партиялык тизме боюнча шайланган парламенттеги негизги иштер комитеттер менен фракциялык жыйындарда жасалып, маселе даяр болгондо гана Жогорку Кеңеш жыйынына алынып чыга тургандыгын билдирди.

Жаңы парламент ишин баштаганына 100 күндөн ашты. Өткөн жумада ал кыйладан бери талаштан башы чыкпай келаткан кыргыз-казак чек арасы тууралуу келишимди, Көл жээгиндеги 4 пансионатка Казакстан ээлигин ырастаган өкмөттүк келишимди жактырды. Президент К.Бакиевдин Казакстанга иш сапары алдында апыл-тапыл жасалган парламенттик жөрөлгөлөрдүн артында саясий максат башбактап жатканы көпчүлүккө жаңылык деле эмес.

XS
SM
MD
LG