Линктер

бейшемби, 23-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 19:17

Ооганстанда талиптердин чабуулунан полициянын 11 кызматкери окко учту


Талиптер Кандагар шаарында полиция бекетине чабуул коюп, анын учурунда 11 полиция кызматкери жан курман болгон. Түштүк Ооганстанда жекшемби күнү орун алган жардыруудан НАТОнун эки жоокери каза таап, экөөсү жарадар болгон. Бул арада Эл аралык кызыл чырым уюму талиптерди, Ооганстандагы эл аралык күчтөр жана ооган өкмөтүнүн аскерлерин катардагы жарандарды сактоого, ооган өкмөтүн болсо абактарда адам укуктарын камсыздоого чакырды.
XS
SM
MD
LG