Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:58

10:55 22-апрелде “Манас” аскерий аба базасын Кыргызстандын аймагынан чыгаруу талабы менен митинг өтөт


Бишкек шаар мэриясы билдиргендей, 22-апрелде Жогорку Кеңештин майдайында митинг өткөрүү тууралуу Коммунисттик партиядан билдирүү түшүп, ага шаар бийлиги уруксат берди. Ошондой эле шаар мэриясына “Сергий Радонежский жана Айкөл Манас” фондусунун жетекчиси И. Трофимов да 22-апрелде парламенттин маңдайында “Манас” аскерий аба базасын Кыргызстандан чыгаруу талабына колдоо көрсөтүп митинг өткөрүү тууралуу билдирүүсү менен кайрылган. Бирок шаар мэриясы И. Трофимовго митингди М. Горькийдин эстелигинин жанында өткөрүүнү сунуштаганы менен, ал митингди Жогорку Кеңштин маңдайында Лениндин эстелигинин жанында коммунисттер менен бирге өткөрөөрүн “Азаттыкка” билдирди.(MSu)

XS
SM
MD
LG