Американын президенти Жорж Буш жана Британиянын премьер-министри Гордон Браун Ирандын өзөктүк куралга ээ болушуна жол бербешин билдиришти. Вашингтондо маалымат жыйынында сүйлөгөн сөзүндө Буш Ирандын уранды байытуунун жолдорун өркүндөтүүсү өзөктүк курал жасоого алып келиш мүмкүндүгүн белгиледи.Браун өз кезегинде Иранга каршы санкцияны күчөтүүгө чакырды. Тегеран атомдук программасы тынчтык максатта экенин билдирип келет.