Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
8-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 05:19

ПАН ГИ МУН: АЗЫК-ТҮЛҮК КРИЗИСИ КООПСУЗДУКТУ БҮЛҮНТҮШҮ МҮМКҮН


Азык-түлүк азыркыдай кымбаттап отурса, анда жакырчылыкты кыскартуу жагынан дүйнөлүк коомчулуктун бардык аракеттери текке кетиши мүмкүн. Атүгүл жаңы кризистер тутанып, коопсуздукка да коркунуч түзүлүшү ыктымал. Бул тууралуу Улуттар Уюмунун баш катчысы Пан Ги Мун эскертти.

Жекшемби күнү Гананын борбору Аккрада ачылган Улуттар Уюмунун соода-сатык жана өнүгүү конференциясында баш катчы Пан Ги Мун дүйнөлүк азык-түлүк кризисине атайын токтолду. “Эгер стратегиябызды кайра өзгөртүп чыкпасак, эгер күч-аракеттерди арттыруу тууралуу мурдагы курулай сөздөрдөн ары баралбасак, анда дүйнөдөгү миллиондогон жакырларга берген убадабыздан тайган болобуз,- деп билдирди Пан Ги Мун. - Өткөн аптада дүйнөлүк банктын башчысы Роберт Зеллик эскерткендей, азык-түлүктөрдүн баасы жогорулай берсе миң жылдыктын өнүгүү максаттары боюнча жети жылдагы иштер текке кетиши мүмкүн. Анда баарын кайра баштоого туура келет”.

Улуттар Уюмунун миң жылдыктын өнүгүү максаттары деп аталган программасы мындан он жылдай илгери кабыл алынган. Анда көптөгөн милдеттердин катарында 2015-жылга чейин дүйнөдө жакырлардын санын эки эсе кыскартуу жагы да каралган. Азыркы азык-түлүк кризиси баарыдан мурда ушул максатты ойрон кылышы мүмкүн.

Ушул айдын башталышында дүйнөлүк банк, эл аралык валюта кору жана башка финансы институттары тамак-аштын кымбатташы,анын тартыштыгы 100 миллионго чукул адам үчүн анык апаатка айланарын эскертип, бул маселеге өкмөттөрдүн назарын бурган эле. Улуттар Уюмунун азык-түлүк программасы ушу тушта эле ачарчылыктын кээрин тарта баштаган бир катар өлкөлөргө шашылыш жардам көрсөтүү үчүн жарым миллиард доллар кошумча каражатка муктаж экенин эскерткен.

Бирок көпчүлүк өкмөттөр бул чакырыктарга азырынча кулак кагыша элек. Атүгүл бир катар жерлерде, Вьетнамдан тартып Казакстанга чейинки жоон топ өлкөлөр күрүчтүн жана буудайдын экспортуна чек коюшту. Мындай кадамдар абалды ого бетер курчута турганын баса көрсөтүп,баш катчы “эгер азык-түлүк тартыштыгы жөнгө салынбаса,ал башка да көптөгөн кризистерди чыгарышы мүмкүн” экенин эскертти. “Проблема ого бетер татаалдашат, экономикалык өсүшкө, социалдык прогресске, атүгүл дүйнөдөгү саясий коопсуздукка анын кесепети тийиши ыктымал”, - деп айтты баш катчы.

Азык-түлүктүн кескин кымбатташы жана тамак-аштын тартыштыгы Азиянын жана Африканын айрым өлкөлөрүндө массалык тополоңдордорду чыгарды.

Эмдиги аптанын башталышында Пан Ги Мун Женевада Улуттар Уюмунун мекеме башчылары, дүйнөлүк банк жана эл аралык валюта корунун жетекчилери менен азык-түлүк кризисине арналган атайын жыйын өткөргөнү жатат.

XS
SM
MD
LG