Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:09

ӨКМӨТТҮН ЭНЕРГЕТИКА САЯСАТЫ ЖАРАНДЫК КООМДУН ЖААЛЫН КАЙНАТТЫ


23-апрелде Жогорку Кеңеште энергетика тармагына байланыштуу парламенттик угуу өттү. Анда өнөр жай, энергетика жана отун ресурстары министри Сапарбек Балкыбеков --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/economics/ky/2008/04/1B92CD8C-1929-4577-BDC0-6C51222EFE98.asp энергетика тармагында кырдаал, аны өнүктүрүү программасын ортого салды. Парламенттик угууда өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнө министрге суроо берүүгө уруксат берилгени менен чыгып сөз сүйлөөсүнө мүмкүнчүлүк берилген эмес. Бул өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнүн катуу нааразылыгын пайда кылды.

Энергетика тармагындагы азыркы абалга токтолгон Балкыбеков аны кризистик деп таануудан баш тартып, бирок Токтогул суу сактагычында суунун азайышы абалды татаалдантып жатканын белгиледи.

Суу сактагычта 5 миллиард 500 миллион куб суу калганда Токтогул ГЭСи иштебей калат. Ошондуктан учурда сууну үнөмдөө чаралары көрүлүп жатат. Анын натыйжасында электр энергиясын берүү кыскарууда:

-Биз быйылкы жылы кошуна мамлекеттерден 500 миллион килловат электр энергиясын алайлы деп турабыз. Аны суу көбөйгөндө кайтарып беребиз. Андан сырткары биз быйылкы жылы электр энергиясын керектөөнү 1,5 миллиард киловатт саатка кыскартышыбыз керек. Биздин атуулдар үйлөрүн электр энергиясы менен жылытып келген. Эми көмүр жагууга өтүш керек.

Министр энергетика тармагын өнүктүрүү программасына токтолуп, 2025-жылга чейин тармакка 5 миллиард доллар инвестиция тартылып, электр энергиясын өндүрүү 35 миллиард килловат саатка жеткирүү каралганын, азыркы кезде өлкөдө 14 миллиард килловат сааттын айланасында электр энергиясы өндүрүлүп жатканын кошумчалады.

Балкыбеков бөлүштүргүч компанияларды менчиктештирүүнү жактаарын, ошол эле кезде ГЭСтер жана жогорку чыңалууда электр линиялары мамлекеттин колуна кала берерин маалымдады.

Парламенттик угуунун катышуучусу Орозбек Дүйшеев буга чейинки менчиктештирүүнүн үч этабынын натыйжасы кандай болгону жана бөлүштүргүч компанияларды менчикке берүү менен мамлекет кандай пайда табат деген суроону койду.

Министр “Кыргызэнерго” мамлекеттик акционердик ишканасын тармак-тармак кылып бөлүштүрүү энергетикадагы проблеманы ачты, эми менчиктештирүү уурдоолорду кыскартуу үчүн зарыл деп жооп берди. Бирок Дүйшеев жоопко канааттанган жок.

Атуулдук коомдун өкүлдөрү Азиза Абдырасулова, Төлөкан Исмаилова, Сапар Аргымбаев жана башкалар энергетика тармагында абал боюнча суроолорун жаадырышты. Социал-демократиялык фракциянын лидерлеринин бири Иса Өмүркулов өкмөттүн энергетикалык программасын кескин сынга алды:

-Доклад жасаган министр жаңы энергетикалык программа эмне үчүн керектигин негиздеп бере алган жок. Биринчиден, 2001-жылы кабыл алынган программанын эмне себептен аткарылбаганын түшүндүрүп бере алган жок. Экинчиден, министр өзүнүн компетентсиздигин көрсөттү. Ал дебитордук, кредиттик карыздар тууралуу так маалымат бере албады. Кризистен чыгуунун так жолун айткан жок.

Парламенттик угуунун калган катышуучуларына сөз берилбей, жыйын жабык деп жарыяланды. Бул катышуучулардын нааразылыгын пайда кылып, алар өкмөт өкүлдөрүнө “уят, уят, биздин айта турган сөзүбүз бар”, - деп кыйкырышты.

“Атуулдук коом коррупцияга каршы” уюмунун лидери Төлөкан Исмаилова парламенттеги иш чарага мындай баа берди:

-Энергетика программасы боюнча топтолгон оюбузду айталган жокпуз. Анткени бул иш чара советтик мезгилде дежур жолугушууларды эл менен сүйлөшүү деп атагандай эле болуп калды. Бул деген бүдөмүк жана коррупциялык иш. Ошон үчүн биз аны парламенттик угуу деп атай албайбыз. Бул жөн эле жолугушуу болду. Экинчиден, биз абдан нааразыбыз.
  • 16x9 Image

    Айданбек Акмат уулу

    "Азаттыктын" Бишкектеги бюросунун кызматкери, журналист. Саясат, экономика темалары боюнча адис. Кыргыз Улуттук университетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG