Шаардык кеңеш кабыл алган чечимге ылайык тролейбус жана чоң автобустарга жол кире 5 сом, чакан автобустарга жол кире 8 сом, кечкисин 10 сом болот. Чечим 1-июндан тарта күчүнө кирет. Шаардык кеңеш ошондой эле 1-майдан тарта борбордогу пенсионерлерге берилип келген жеңилдиктерди акчалай түрдө берүүгө өтүү тууралуу чечимди жактырды. Транспортко тарифтерди көтөрүү чечими шаардык кеңештин бүгүн башталган сессиясында кабыл алынды.(AiT)