Линктер

жума, 22-сентябрь, 2017 Бишкек убактысы 05:24

11:58 Нарында жөө жүрүштү баштоого жергиликтүү бийлик уруксат берген жок


Ысыккөлдүктөргө тилектеш болуп Нарында дагы бийликке каршы жөө жүрүш акциясына чыгууга жетимиштей адам даярданып жаткан. Бүгүн алардын он бешке жакыны шаардагы “Сайкал” дүкөнүнүн жанында чогулушту, бирок аларга жөө жүрүштү баштаганга укук коргоо органдары уруксат берген жок. Тартип кызматкерлери маршрут-багыттары так эмес деген негизде каршылык акциясын өткөрүүгө жергиликтүү бийлик тарабынан тыюу салынганын билдиришти. Дал ушул себептүү мыйзамсыз жөө жүрүш акциясына чыккандарга чара колдонулары жөнүндө шаардык прокуратура эскертүү бериптир. Түшкө жуук жөө жүрүш акциясына чогулгандар шаардагы областтык акимчиликтин алдын көздөй жөнөштү. Аларды коомдук парламенттин мүчөсү Урмат Акунов баштап жүрөт. (KCh)
XS
SM
MD
LG