Оппозициянын айрым лидерлери токмоктолуп, окуяны чагылдырып аткан журналисттерге чейин кагуу жеп, жеме угушкан 26-апрелдеги Түптөгү окуяга укук коргоочулар “Түп токмогу” деген ат беришти. Алардын айтымында, Түптөгү жөө жүрүштү таш бараңга алып, жумурткалар менен койгулаган топту кимдер алып чыкканы бадырайып көрүнүп турду. Анткени, жөө жүрүштү тоскон топту жергиликтүү бийлик өкүлдөрү айдактап, милиция кызматкерлери астыртадан колдоп жүрдү дешет. Кыргызстанда мындай окуялардын орун алып жатканы абдан өкүнүчтүү экендигин айткан укук коргоочулар, бийликтегилер биротоло диктатура орнотууга ниети бар экендигин делилдеп коюшканын айтышууда. Белгилүү укук коргоочу Төлөйкан Исмаилова, чагым уюштургандардын айрымдары кимдер экенин ошондо эле көрүп таанышканын айтат:
- Биз бардыгын тең териштирдик. Ошол жердегилерди айдактап аткан кээ бир жергиликтүү бийлик өкүлдөрүң дароо тааныдык. Түптөгү Жумузсуздук боюнча департаменттин жетекчиси Дамира деген аял, Чолпонатадагы ошондой департаменттин жетекчиси болуп ошол жерге барышып, эртең мененки саат ондон тарта чагым чыгарышты. Булар “Ак жолго” кирип алышкан дагы, ошол жерге жумушу жок көчөдө тургандарды, мурда түрмөдө жатып чыккандарды мас кылып туруп алып барышкан.
Жөө жүрүшкө катышып келген “Жашылдар” партиясынын жаштар канатынын жетекчиси Тилек Сыдыков, бул жөө жүрүшкө жергиликтүү тургундарды жолотпоо максатында тоскоолдуктар жасалганын, автобустарга толо милициялар элдин жүрөгүнүн үшүн алып, айыл-өкмөттөр менен акимдер өздөрү айылма-айыл кыдырып жүрүшкөнүн айтат. Ошондой эле ал чагымга карабай бир катар жаштар жөө жүрүшкө тилектештигин билдирип келип-кетип турушканын, ушуну муну менен эле жүрүштөр токтоп калбасын билдирди:
- Бул бийликтин алсыздыгы. Айласы кеткенден ушундай жасап, ыплас жолдорго барып атышат. Бийлик оппозиция утулду деп ойлоп атса керек, оппозиция утулган жок. Биз аз да болсо өз максатыбызды ишке ашырганга аракет кылдык. Жүрүш болду. Эгер жүрүш уланганда кан төгүлүп кетмек. Ошондуктан биздин лидерлер муну токтотуп турушту. Бул убактылуу гана.
Айрым саясат талдоочулар дагы Түптөгү окуяга окшош окуялар мурда деле кыйла кайталанганын, мурун колдонулган ыкмалар уланып келатканын айтышууда. Саясат талдоочу Токтогул Какчекеев бул тууралуу мындай дейт:
- Кыргыз эли болгону 3 миллион болсо. Анын 1 миллиону тентип миграцияда жүрсө. Анан бул жерде калгандары “мамлекетти жакшы жолго алып барам” деп өз оюн айтайын десе жанагыдай тоскоолдуктарды кылып, бут тосуп, тукуруп атышса туура эмес болот. Бул жапайычылык деген болот, эл аралык деңгээлде элди басмырлаш деген болот. Бул тоталитардык режимдин негиздери да.
Ал эми бийликтегилер азыркы тапта эл митинг-пикеттерден чарчап бүтүшкөнүн, ошол себептүү жөө жүрүштөр сыяктуу акциялар колдоо таппай турганын айтышууда. Ошол окуя болгон жерде жүргөн Түп районунун акиминин орун басары Ыбрайым Жолдошев, “Азаттыкка” элдер өздөрү эле жөө жүрүшкө каршы чыгып жатышканын, аларды эч ким чыгарбаганын айткан эле:
- Биз чыккыла деп барсак бизге ишенмек беле. Өздөрү келип атат да.