Ишемби күнү «Ыйык жерди сактоо» комитетинин жөө жүрүш акциясына каршы бийлик чагым уюштуруп үзгүлтүккө учуратып, мыйзамсыз аракеттерге барды, деп билдирди «Акыйкат үчүн» коомдук кыймылынын координатору Аликбек Жекшенкулов.
- Оппозиция бүгүнкү күндө Конституция, Кыргызстандын мыйзамдарынын негизинде иштеп жатат. Ал эми бийлик болсо мыйзамды бузуп өз билемдигин кылып мыйзамсыз иштерди жасоодо. Ошол үчүн биз мындан ары тактикалык, стратегиялык маселелерди кайра-карап чыгабыз. Азыр бул тууралуу маалымат каражаттарына айтпайбыз. Анткени буга чейин ачык-айкын иштеп жатсак, бийлик бизге каршы мыйзамсыз кадамдарды жасоодо.
Түптөгү окуя боюнча кылмыш ишин козгоону өтүнүп Башкы прокуратурага кайрылышарын “Ата Мекен” партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев билдирди.
- Фото жана видео материалдарды биз талдап, көлдүк туугандардын жардамы менен кимдин-ким экенин тактап, алардын жасаган аракеттерине мыйзамдын негизинде баа берип, Башкы прокуратурага жана башка бийлик органдарына биз кайрылабыз. Эгерде президент, өкмөт, Башкы прокуратура бул иш боюнча чара көрбөсө, анда биз аларды уюштуруучулар, катышуучулар деп айтканга толук укугубуз бар.
Акыйкатчы Турсунбек Акун болсо Түптөгү окуяны адам укуктарын жана эркиндиктерин бузгандык деп эсептейт.
- Адам укугун жана эркиндигин эч кимдин тебелөөгө акысы жок. Баш мыйзамга ылайык тынч митинг, пикет, жөө жүрүш өткөрүүгө ар бир адамдын толук укугу бар. Эми жергиликтүү бийлик “кошоматка кой союп” жагынып жатканы менен президенттин, мамлекеттин аброюн кетирип жатат. Мамлекеттик жергиликтүү чиновниктер мындай аракети менен адам укугу боюнча эл аралык нормаларды бузууда.
Акыйкатчы белгилегендей, адам укуктарынын декларациясынын 60 жылдык мааракесинин алдында Түптөгүдөй көрүнүш Кыргызстандын эл аралык аброюна шек келтирет. Бул маселе боюнча Акыйкатчынын өкүлдөрү 2-майда Түпкө барып коомдук иликтөө өткөргөн жатышат.
Түптөгү окуяга катышкан мас аялдарды жана башка улуттун өкүлдөрүн атайын даярдап чагым уюштурган жергиликтүү бийликтин кылык-жоругун УТРК бир тараптуу көрсөтүп, Ысыккөл элинин аброюна, намысына шек келтирди деген билдирүүсүн Тоң районунун тургундарынын атынан Сабыр Муканбетов жарыялады.
- Түп районунунда болуп өткөн окуяларды чагылдырууда КТР бир тараптуулукка жол берип, “Түптүн эли Каркыранын казактарга өтүшүнө нааразычылык билдирип жөө жүрүшкө чыкканы чогулган кыргыздын патриотторун жумуртка менен уруп кубалап жиберишти” деген маалыматты таратты. Бул маалымат бүткүл Кыргызстанга таркатылып Ысык көлдүктөрдүн намысына тийип, кыжырдануусун пайда кылууда. Биз КТРдын мындай ойлонбой жасаган кадамынын жалпы ысыккөлдүктөрдүн аброюна шек келтиргенин баса көрсөтүү менен КТР жамаатынан тез аранын ичинде көл элинен кечирим суроону талап кылабыз.
Ал эми УТРКнын жетекчисинин орун басары, “Багыт” программасынын автору Эрнис Кыязов алардын дарегине карата айтылган дооматтын негизи жок экендигин айтты.
- Биз мыйзамдуу мамлекет түзөбүз деп жатпайбызбы. Мына ошонун негизинде биздин бардык ишибиз ошол мыйзамдын чегинде жүргүзүлүп жатат. УТРК чагылдырган материал боюнча аны ким жасаган, кимдин эмне деп айтканын, кантип бербей койгон, кантип жалган айткан, кантип чын айткан, дей турган атайын бизде органдар бар. Маалымат каражаттары жөнүндө мыйзам бар. Көлдүн эли болсо кайсы эли, кайсы адамдар? Укуктук жагы бар, деги эле баары мыйзамдын чегинде болушу керек да. Анан эми биз мамлекеттик телевидение болгондон кийин эмне көргөнүн, канткенин ошол жактагы биздин кабарчыларбыз чагылдырды. Бир жеринде калпыстык болсо бизде юристтер бар. Сотко берүү укугу бар, эгерде кандайдыр бир кине болсо, -деди Эрнис Кыязов.