Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:40

МАМДЕПАРТАМЕНТ ТЕРРОРЧУЛАРДЫН НЕГИЗГИ ЭКИ ОЧОГУН АТАДЫ


Америкалык айрым басылмалардагы осмок сөздөргө караганда, террорго каршы уруштун дагы бир майданы пайда болушу мүмкүн. “Вашингтон пост” гезити “үчүнчү фронт” катары Пакистандын --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/security/ky/2008/03/5958EE4F-E056-42A3-98F4-82EE7923581C.asp тоолуу аймактарын атады. Буга катарлаш CBS телеканалы Пентагон Иранга кол салганы камынып жатканын кабарлады. Ал эми мамлекеттик департаменттин кечээ эле жарыяланган жаңы докладында Пакистандын сөз болгон аймактары “ал-каидачылардын” уюгу катары сыпатталат жана Иран дүйнөлүк терроризмдин башкы спонсору бойдон калганы айтылат.

Мындан эки күндөй мурдагы сөзүндө президент Жорж Буш Ооганстанда чоң ийгиликтерге жетишилгенин айтып, бирок уруштар уланып жатканын да моюнга алган эле. “Бизге башын өлүмгө байлаган душман каршылык көрсөтүп жатат, аны жеңүү – биздин милдетибиз”, - деп белгилеген Буш. Анын эртеси америкалык аскерлер түштүк Ооганстандагы Гармсер шаарын алышты. Гилменд провинциясындагы бул калаа талиптердин башкы чеби болуп калган эле.

Жалпысынан түштүк Ооганстан дале козголоңчулардын колунда. Айыгышкан уруштарда талиптер коңшулаш Пакистандын тоолуу аймактарына сүрүлүп кетип, күчүн жыйнаган соң кайра ооган жерине өтүп келип турушат. Америкалык аскерлер болсо аларды кубалап, Пакистан тарапка өтө албайт. АКШнын мамлекеттик департаменти кечээ жарыялаган докладда да Пакистандын ушул уруулар аймагында террорчулар, өзгөчө “ал-каидачылар” баш кошуп, күчүн жыйнаганга мүмкүнчүлүк алышканы айтылат.

“Вашингтон пост” гезити Ирак менен Ооганстанда АКШ көп күч жана каражат жумшап, экстремисттерге каршы урушуп жаткан кезде Пакистандын айрым аймактары дүйнөдөгү эң кооптуу террорчулардын баш калкалап, байыр алган коопсуз жайына айланып алганы америкалыктардын эртедир-кечтир кычыгына тийиши мүмкүн экенин белгилейт.

Ошол эле учурда “Вашингтон пост” кокус террорго каршы бул аймакта да уруш ачылса, бул үчүнчү фронту өтө оор болорун эскертет. “Ал-Каиданын” качып-тозгон лашкерлерин канатына калкалап жаткан бул аймакты негизинен пуштундар жердешерин эске алганда, америкалыктар аскери операциясы менен бүткүл Пакистанды өзүнө жоо кылып алышы ыктымал. Бул аймактарда антиамерикалык маанай ансыз деле күчтүү. Мындан тышкары “үчүнчү фронт” Ооганстандагы аскер контингентин алда канча көбөйтүүнү, кошумча каражат бөлүүнү талап кылат. АКШнын эмдиги президенти ким болсо да анын мындай кадамга батылы жете коеру кыйла эле күмөндүү.

Бул учурда CBS телеканалы Пентагон Иранга сокку уруу үчүн камынып калганын кабарлап чыкты. Америкалык аскерий бир өкүлдүн сөзүн келтирип, CBS Ирандын региондогу саясаты улам агрессивдүү болуп баратканын, Тегеран Иракка курал-жарак жөнөтүп, шейиттердин радикал имамы Муктада ас-Садрдын “Мехди армиясын” жең ичинен жабдып жатканын, бул аз келгенсип уран байытуу ишин токтото электигин эске салат. Буга кошо “ирандыктар Иракта иш жүзүндө америкалыктарды өлтүрүп жатканы” тууралуу Пентагондун башчысы Роберт Гейтстин да сөзүн келтирет.

Акырында мамлекеттик департаменттин кечээки докладында да Иран “дүйнөлүк терроризмдин башкы спонсору бойдон калганы” айтылат. Балким, ”үчүнчү фронт” Иран болуп калбасын?!

Бирок Гейтс Иранга каршы кандайдыр бир аскери операция даярдалып жатканын караманча четке какты.

XS
SM
MD
LG