Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:48

11:15 Эл аралык өнүгүү ассоцациясы Бишкек менен Ошту жакшыртууга 12 миллион доллар бөлдү


Ага негиз берген макулдашуу Дуйнөлүк банк менен Каржы министрлигинин ортосунда түзүлдү. Каражат Кыргызстандагы жамааттарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги аркылуу Бишкек менен Оштун тегерегиндеги жаңы конуштарды өнүктүрүүгө жумшалат. Жалпы каражаты 14 миллион доллардан ашык турган бул долбоорду ишке ашырууга кыргыз өкмөтү 1 миллион 200 миң, Бишкек менен Оштун администрациялары 1 миллион 100 миң доллар бөлүшөт. Бул каражатка төрт жыл ичинде суу түтүктөрү орнотулуп, жолдор оңдолот. (BD)

XS
SM
MD
LG