Польшанын борбору Варшавада өтүп жаткан эркин күрөш боюнча таймашта Арсен Гитинов атаандаштарынан озуп чыгып, эми алтын медал үчүн ат салышат. Бул жеңиши менен Арсен Гитинов Бээжинде өтө турган Олимпиадага жолдомо алды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине Улуттук олимпиада комитетинен маалымдашты. (ZMa)