Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Июнь, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 03:42

16:43 Бүгүн Жалалабатта Конституциянын 15 жылдыгы белгиленди


Баш мыйзамдын 15 жылдыгына арналган салтанаттуу жыйын облустук Барпы атындагы театрда өттү. Театрга келген 400дөй кишини Конституция күнү менен облгубернатор Кошбай Масиров жана башкалар куттукташты. Сөзгө чыккандар былтыркы референдумда кабыл алынган Баш мыйзамдын артыкчылыгы менен экономиканы өнүктүрүүгө шарт түзгөнүн белгилешип, натыйжада облуста Камбарата-2 ГЭСи, Ташкөмүр шаарында эки ири завод курула баштагандыгын айтып өтүштү. Жыйынга “Ак жол” партиясынан башка партиялардын жетекчилери менен өкүлдөрү катышкан жок. Тынчыл партиялар соңку Баш мыйзамда президентке көп укук берилип калганын буга чейин билдирип келишкен. (YA)

XS
SM
MD
LG