Саламаттык сактоо министри бүгүн Баткен районунун бир катар айылдарында орун алган фельдшердик-акушердик түйүндөрүнүн абалы менен таанышып чыкты. Бул тууралуу “Азаттыкка” Баткен облустук үй-бүлөлүк дарыгерлер борборунан кабарлашты. 2007-жылда Баткен облусу боюнча 74 фельдшердик-акушердик бөлүмчөлөрдө оңдоп-түзөө иштери жүргөнүнө карабай дээрлик бөлүгү талапка жооп бербей, таза суу жана телефон байланышы таптакыр орнотулган эмес. 7-май күнү Саламаттыкты сактоо министри Марат Мамбетов облустагы медициналык ишканалардын жетекчилеринин катышуусунда кеңейтилген көчмө кеңешме өткөрөт. (SA)
19:22 Саламаттыкты сактоо министри Марат Мамбетов Баткендеги медициналык мекемелердин абалы менен таанышууда