Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:33

АКШ жана Орусия өзөктүк энергия боюнча кызматташтык келишимине кол коюшту


Москвада бүгүн кол коюлган келишим Кансыз согуш доорундагы бул атаандаш эки өлкөнүн өзөктүк реакторлорду куруу, өзөктүк материлдарды чогултуу жана ташуу жаатында биргелешип иштөөсүн карайт. Ошондой эле Орусия менен АКШнын компанияларынын биргелешкен долбоорлору үчүн укуктук негиз түзөт. Келишимге Орусия тараптан "Росатом" ишканасынын баш директору Сергей Криенко жана АКШнын Орусиядагы элчиси Уильям Бёрнс кол коюшту. Бул чөйрөдө келишим түзүүнү Орусия жана АКШ президенттери Владимир Путин менен Жорж Буш өз өкмөттөрүнө 2006-жылдагы саммитте тапшырган болчу. Бирок маселе АКШда айрым конгрессмендердин каршылыгын жараткан.

XS
SM
MD
LG