Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Январь, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 02:17

12-МАЙ: ТАРЫХ БАРАКТАРЫ


1918-жылдын бу күнү Пишпек уезддик Кеңеши контрреволюциячыл «Алаш ордо» уезддик кеңешин жоюу чечимин кабыл алган. 1926-жылдын 12-майында РСФСР Борбордук аткаруу комитети Пишпек шаарын Фрунзе аталышына өзгөртүү туурасында токтом кабыл алган.

Пишпек уезддик Кеңеши 1918-жылдын бу күнү контрреволюциячыл «Алаш ордо» уезддик кеңешин жоюу чечимин кабыл алган.

Түркстан коммунисттик партиясынын Борбордук комитети 1924-жылдын 12-майында Абдыкерим Сыдыковду «коомдук жат элемент» катары партиядан чыгарган. А. Сыдыковго, өз маалында Пишпек уезддик начальнигинин жардамчысы болгон, пишпектик эсерлер фракциясынын Кеңешинде иштеген деген кине коюлган.

РСФСР Борбордук аткаруу комитети 1926-жылдын 12-майында Пишпек шаарын Фрунзе аталышына өзгөртүү туурасында токтом кабыл алган. Шаар аталышынын өзгөртүлүшү, М. В. Фрунзенин мезгилсиз дүйнөдөн кайткандыгынан келип чыккан. Пишпектиктер улуу жердешинин өлүмүнө кайгырышып, шаарды анын урматына «Фрунзеград» деп атап алышкан. Жогоруда айтылган токтомдо, шаарды кыскача «Фрунзе» деп аталып, мындан тышкаары «каракыргыз жолдошторго» ВЦИКтен озунуп өз алдынча шаар аталыштарын өзгөртпөгүлө деген эскертүү берилген.

Кыргыз Улуттук музыкалык театрынын биринчи бетачары 1937-жылдын 12-майында өткөрүлгөн. Кыргыз Улуттук музыкалык театры өзүнчө чыгармачыл бирдик катары Кыргыз драма театрынан бөлүнүп, премьера күнү Владимир Власов менен Владимир Ференин чыгармасына коюлган «Алтын кыз» музыкалык драмасын койгон. «Алтын кыз» музыкалык драмасынын премьерасы коюлган 12-май Опера жана балет театрынын өз алдынча чыгармачыл топ катары түптөлүш күнү катары эсептелинет.

1991-жылдын бу күнү Душанбе шаарында «Демократиялык конгресс» ишин баштаган. Конгресске Кыргызстан, Казакстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Өзбекстан өлкөлөрүндөгү демократиялык партиялар катышып, аймакта демократиялык принциптерди жайылтуу маселеси каралган.

12-май медициналык сестралардын Бүткүл дүйнөлүк күнү. Майрамга 100 жыл чамалуу болгонуна карабастан, аны белгилөө жөрөлгөсү 1971-жылдан бери гана ырааттуу жүргүзүлүп келет. Медициналык сестралардын кызматы биринчи жолу англиялык Флоренс Найнтингейл айым тарабынан Кырым согушунун маалында колдонулган. Медсестралардын күнү Кыргзстанда 1993-жылдан бери белгиленип келет.

Бу күнү 1874-жылы кургак учукка тери реакциясын ойлоп тапкан австриялык педиатр Клеменс Пирке; 1941-жылы кыргызстандык акын Алымкан Дегенбаева жарык дүйнөгө келген.
XS
SM
MD
LG