Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:35

СЕРБИЯДА УЛУТЧУЛДАР УТУЛДУ, БИРОК ӨКМӨТ ТҮЗГӨНҮ ӨЖӨРЛӨНҮҮДӨ


Сербияда жекшемби күнү болуп өткөн парламенттик шайлоодо --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/1E148238-1190-43B0-B9AA-30E85DB3491F.asp президент Борис Тадичтин саясий коалициясы атаандаштарынан бир топ көп добуш алды.Бирок бул жеңиш аларга өкмөт кураганга мүмкүндүк бербейт. Тадичтин европалык интеграцияны жактаган тарапкерлери менен кызматташуудан парламентке өткөн радикалдар, “жаңы демократтар” жана социалисттер баш тартууда.

Жекшемби күнү добуш берүүгө жети миллиондой шайлоочунун 60 проценттен ашыгы катышты. Алардын 39 проценти президент Борис Тадичтин “Европалык Сербия үчүн” коалициясын колдоду. Томислав Николичтин радикалдары алардан он процент артта калды. Воислав Коштуница жетектеген демократтардын “Жаңы Сербия” блогу үчүнчү орунга чыкты. Парламентке социалисттер да өтүштү.

Президент Тадич өз тарапкерлерине чоң ыракмат айтып, жекшембидеги шайлоонун жыйынтыгын Сербиянын, серб демократиясы менен европалык интеграциянын чоң жеңиши деп баалады. Ошол эле учурда ал шайлоодогу жеңиш өкмөт кураганга мүмкүндүк бербей турганын, ошондуктан парламентке өткөн партиялар менен тезинен консултацияларды баштоо зарылдыгын белгиледи.

Азырынча Тадичке союздаш болууга ынтызарлар чыга элек. Улутчулдардын лидери Николич “евросербдердин” алдыга чыкканын моюнга алды, бирок алар жеңишин эртелеп майрамдап жатканын эскертти. “Бизде же радикалдар менен Коштуницанын тарапкерлери, социалисттер биригип түзгөн кабинет болот, же эч кандай өкмөт болбойт, өлкөдө жаңы шайлоо өткөрүлөт”,- деп айтты ал.

Демократтардын “Жаңы Сербия” блогу да Тадич менен биригип коалиция түзүүдөн баш тартууда. “Президент Тадичтин партиясы менен биздин ортобузда жоюлбас айрыма бар. Өз саясатыбызды биз карандай пайда көздөп жүргүзбөйбүз,так аныкталган принциптерибизден эч качан баш тартпайбыз!”- деп билдирди “жаңы сербдердин” лидери Коштуница. Анын партиясын шайлоочулардын он үч процентке жакыны колдоду.

Косовонун эгемендиги тууралуу маселеден улам Тадич менен Коштуницанын коалициясы бузулуп, мөөнөтсүз жаңы шайлоо белгиленген эле. Косовонун көз карандысыздыгын бир гана партия – Сербиянын либерал-демократтары тааныган. Бул жолу алар парламентке өтпөй калышты. Натыйжада Тадич жаңы парламентте иш жүзүндө союздашы жок калды.

“Эгер шайлоодо утулган партиялар коалиция түзүүнү ойлоп жатышса, алар бизди 90-жылдарга кайра алып барарын жана мындай чечим элдин эркине каршы келерин белгилеп койгум келет”,-деп билдирди Тадич.

Тадичтин тарапкерлери парламенттен 103 мандат алат, өкмөт түзүү үчүн бери дегенде 126 добуш керек. Ал эми радикалдар, “жаңы сербдер” жана социалисттер бириксе, парламентте 127 орунду контролдойт. Бүгүн түштөн кийин үч тарап коалицияга биригүү маселесин талкуулаганы жатышат.

Шайлоонун ырасмий жыйынтыктары бейшемби күнү жарыяланат. Жаңы парламент эмки айдын ортосунан кечикпей биринчи сессиясына чогулууга тийиш, өкмөт болсо сентябрдын ортосуна чейин түзүлүшү керек. Андай болбогон күндө өлкөдө кайра шайлоо өткөрүлөт.

XS
SM
MD
LG