Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Апрель, 2025-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 11:59

18:40 Ички иштер министринин мурдагы орунбасары Калмурат Садиевдин иши кийинкиге жылдырылды


Бүгүн түштөн кийин Бишкек гарнизондук аскер соту Жалалабатта милициянын генералы, ардагер Калмурат Садиевге байланыштуу кылмыш ишин баштоого аракет кылды. Бирок Аксы окуясында жабырлануучулар менен алардын адвокаты сотко келбей калгандыктан Садиевдин өздүгү аныкталып, ишти кароо 14-май саат 2ге жылдырылды. Мындай маалымат соттун төрагасы Жакыпбек Бектемировдон алынды. Анын айтымында, Башкы прокуратура Садиевге кылмыш кодексинин 304-беренеси боюнча кызмат абалынан пайдаланган деп кылмыш ишин козгогон. Аксы окуясы маалында ички иштер министринин орунбасары болуп турган Садиев эртеңки сотко даярдана тургандыгынан өзүнө коюлган айып боюнча сот жыйынтыгынан кийин оюн айтаарын билдирди. Аны жактап сот алдына 50дон ашык адам келди. Окуяда жабырлангандардын адвокаты Сартпай Жайчыбеков 17-марттагы элдик сот күнөөлүүлөрдү аныктап койгон соң сотко катышпай турганын жана азыркы бийлик айыпталуучулардын пайдасына чечим чыгараарын айтты. (YA)

XS
SM
MD
LG