Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:49

17:40 Түштүк цемент заводунун алгачкы продукциясы 2009-жылдын 28-февралында чыгат


Түштүк Кызылкыя цемент заводунун куруучулары менен болгон жолугушууда өлкө башчысы Курманбек Бакиев “оппозициядагы саясатчылардын айынан Түштүк цемент заводунун курулуш иши бир жылга кечеңдеди”, - деп билдирди. Курманбек Бакиев курулуш иши менен таанышып жатып, цемент заводунун сапатына көңүл буруу керектигин ишкананын жетекчиси Ян Фишерге жана Цемзаводдун курулуш иштерине мамлекет тарабынан жоопту адам Данияр Үсөновго катуу көргөзмө берди. Ал эми Түштүк цемент заводунун курулуш иштери боюнча мамлекет тарабынан жооптуу Данияр Үсөнов “Азаттыкка” жооп берип жатып, алгач продукция 2009-жылдын 28-февралынан чыга турганын айтып өттү. Түштүк цемент заводу долбоорунун жалпы баасы 3 жарым млдр. сомду түзөт. Учурда ал сумманын бир миллиардга жакыны иштетилген. Курулуш иштерине тартылган жумушчулардын саны 137, анын 63үн кытайдан келген адистер түзөт. Завод ишке кирсе М-400, М-500, М-600 үлгүсүндөгү цементти өндүрө баштайт. (SA)

XS
SM
MD
LG