Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:11

11:40 В.Лужанский: “Шаардык сот арызды качан караары белгисиз”


Азыр убактылуу тергөө абагында жаткан экс-депутат Ишенбай Кадырбековдун адвокаты Владислав Лужанский бул тууралуу “Азаттыкка” 17-майда билдирди. Анын айтымында, Кадырбековго карата баш коргоо чарасын өзгөртүү арызы менен Бишкек шаардык сотко 7-майда кайрылган. Бирок ушундай эле өтүнүчтү канааттандырбай койгон Ленин райондук соту шаардык сотко тиешелүү документтерди жөнөтпөй жаткандыктан мыйзам боюнча үч күн ичинде карала турган арыз 10 күндөн бери териштириле элек. Ал эми тергөө Кадырбеков Курулуш жана архитектура агенттигин башкарып турган кезде салынган мектептерди курулуш-экологиялык экспертизадан өткөрүүнү белгиледи. Владислав Лужанскийдин айтымында, азыр Кадырбеков экспертиза боюнча өз маалыматын жазууга киришти, бирок көтөрүлүп кеткен кан басымы түшө элек жана боор, уйку безинин оорусу да басаңдаган жери жок. (BD)

XS
SM
MD
LG